Көк-Кашат
(«Көк-Кашат, Талас району» барагынан багытталды)
Көк-Кашат ― Кыргызстандын Талас облусунун Талас районундагы айыл. Жерге-Тал айыл аймагына кирет.
Көк-Кашат | |
Көк-Кашат | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Талас суусунун боюнда, 1700 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой кыштагынан 24 км чыгыш тарапта. Жамбыл темир жол бекетинен (Казакстан) 120 км. Кыштак 1936-ж. негизделген. Орто мектеп, китепкана бар. Турмуштиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Кыштакта белгилүү комузчу Атай Огомбаев туулган.
Калкы түзөтүү
Калкы - 1 977 киши[1]; негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Таласская область. Текшерилген күнү 12 -январь (үчтүн айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.