Көмүр өчүрүү – жыгач отундун күйгөндөн кийинки чогун күлгө айлантпай өчүрүп алуу. Жыгач көмүр темир устанын жана зергердин негизги отуну болгон. Адатта көмүр сууга жакын токойдо жыйналган жыгачка от жагылып, күйгөн жыгачтын чоктору улам четинен шиленип алынып, даяр аңга салынган да, топурак менен жылчыксыз көмүлгөн же суу (кар) себелеп өчүрүлгөн. Арча, табылгы, четин, шилби, кайың, чычырканак өңдүү катуу жыгачтардан өчүрүлгөн таптуу көмүр алтын жана темир эритүүдө, ал эми карагай, тал, терек өңдүү жумшак жыгачтардын табы күчсүз көмүрү жумшагыраак заттарды (күмүш, жез, калай) эритүүдө колдонулган. Учурда усталар менен зергерлер таш көмүрдү пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү