Көн

колго жасалган булгаарынын суу тийсе көөп чыгуучу түрү

Көн – колго жасалган булгаарынын суу тийсе көөп чыгуучу түрү. Жүнү алынып, челденип же малмага салынган бодонун же кийиктин териси ашатылып жана ийленип, табигый боёкторго (ышкын түп, чүкүрү менен ат кулактын түбү ж. б.) чыланып даярдалган. Боёк териге сиңгенден кийин колдо же талкууда ийине жете ийленген. К-дөн бут кийим (кепич, өтүк, маасы ж. б.) ултарылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү