Көр, мүрзө, кабыр – маркум коюлчу жай. Маркум алгач полеолит доорунда коюла баштаган. Бирок ал кезде маркумдар атайын көрүстөнгө эмес, өзүлөрү турган жерге эле көмүлгөн. Кадимки Көргө коюу мезолит доорунда пайда болуп, маркум менен бирге кийими, курал-жарагы, идиштери, тиричилик жана асем буюмдары, союлган мал кошо коюлган. Патриархат доорунун өнүгүшүнөн улам өлгөн эркекти өлтүрүлгөн аялы менен кошо коюу, таптык доордун тушунда өлгөн уруу башчыларын же падышаларды өлтүрүлгөн кулдары жана күңдөрү менен кошо көмгөн учурлар да кездешкен. Маркумду коюуда ар бир элдин өз салты болгон. Айрымдары аны табыты менен койсо, кээ бирөөлөрү өрттөп, күлүн гана койгон. Ар түрдүү урууда, элде маркум коюлган жайдын түрү, ички түзүлүшү да ар кандай доордо ар башка болгон. Кыргызстан аймагында коло доорунан калган мүрзөлөрдө көп уруулар маркумду тегерек аңга же таштан жасалган үкөккө күлүн же сөөгүн салып, үстүн таш менен кынап бекитсе, темир доорунун башталышында маркумду өтө кадырлап, чоң дөбөлөрдүн астына коюшкан. Айрым дөбөлөрдүн диаметри 100–120 м, бийиктиги 8–10 м болгон. Алар желе дөбө деп аталат. Ошондой эле б. з. башында казанактуу Көрлөр (Кетмен-Төбө, Баткен, Чаткал, Алай, Кызарт ж. б.) кеңири таралган. Андай айрым Көрлөрдө 1000–1500 дөбө-мүрзө бар. Орто кылымдагы мүрзөлөрдүн үстүнөн калмак таш, балбал эстеликтерди, таштан тургузулган зор дөбөлөрдү жолуктурууга болот. Байыркы Көрлөрдү изилдөөдөн диний ишеним тууралуу көп материал алынат. Антикалык дүйнөдө Көр некрополь деп аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү