Көөнө эпос («баатырдык-көөнө эпос, баатырдык архаикалык эпос, архаикалык эпос) — поэтикалык курулушун, мазмунун көөнө мотивдер, сюжеттер, образдар жана көркөм сөз каражаттары аныктаган эпос, баатырдык эпостун жанрдык-стадиялык өнүгүшүнүн алгачкы этабын чагылдырган эпикалык мурас. «Манастын» белгилүү варианттары жанрдык-стадиялык жагынан тарыхый-баатырдык эпостордун катарында турса да, анын бир айтымдары кадимки К. э-ко таандык касиеттерди толук камтыйт. Алсак, эпостун түштүктөн жазылып алынган варианттары буга далил (к. Мурат Калбай уулу, Төрө Мамыт уулу, Матисак Акбай уулу, Чал Сыдык уулу жана башкалар). Мунун өзү кыргыз эли Манас баатыр жөнүндө ар кыл жанрдык-стадиялык мүнөздөгү чыгармаларды жараткандыгын көрсөтөт. К. э-тун поэтикалык курулушунда мифологиялык образдар, сюжеттер менен бирге, алардын аткарылыш ыкмасы да өзгөчө болот. Көлөмү тарыхый-баатырдык эпостордой чоң эмес, баяндоо ыкмасы жөнөкөй келет. Негизги каармандардын образдарында тарыхый белгилерге караганда көөнө белгилер басымдуулук кылат. Эпикалык душмандар болсо дээрлик фантастикалык, мифтик белгилер менен чүмбөттөлгөн болот. Негизги көркөм сөз каражаттары катары гипербола, салыштыруу кызмат кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4