Лад – 1) түрдүү бийиктиктеги добуштардын өз ара катышуусу, туруксуз добуш баскычтарынын туруктуу бир добуш баскычтарга умтулуусу. Ладдын добуштары мындан тышкары консонанстык үндөштүккө жана негизги добуш баскычында түзүлгөн үч үндүүлүккө тартылат. Ладдагы биринчи баскычта түзүлгөн үндөштүктүн негизги добушу тоника, калган экөө – терция, квинта деп аталат. Лад добуштары баскычтар деп аталат жана рим сандары менен тоникадан жогору карай белгиленет. Лад баскычтарынан түзүлгөн добуш катары гамма деп аталат. Лад тоникасы анын тоналдуулугун аныктайт (мисалы, мажор ладында тоника до болсо, анда ал до мажор болот). Лад жети негизги баскычтан жана алардын бийиктетилген, төмөндөтүлгөн түрлөрүнөн түзүлсө, ал диатоникалык лад болот, ал эми ладдын жети баскычынын арасындагы жарым тондорду кошуу менен 12 баскычты камтып түзүлсө, ал хроматикалык лад болуп эсептелет. Лад мыйзам ченемдүүлүгүнүн негизинде музыкалык чыгармалар жаралат, гармониядагы добуштардын байланышына шарт түзөт; 2) кылдуу чертме музыкалык аспаптардын мойнунан орун алган бөлүнүүлөр – беренелер да ладдар деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7