Ларингоскопия (гр. larynx — көмөкөй жанa skopeo — көрөм, карайм) — ооз көңдөйү аркылуу көмөкөйдү аспап менен көрүү методу.

Ларингоскоп.

Ларингоскопиянын 2 (кыйыр же күзгүлүү жанa түз) түрү бар. Кыйыр Ларингоскопия диам. 16—27 мм келген көмөкөй күзгүсүнүн жанa маңдай рефлекторунун жардамы менен көрүлөт. Түз Ларингоскопия атайын прибордун (ларингоскоптун) жардамы менен жасалат. Ал наркоз менен жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.