Ларри Жефф Макмертри (англ. Larry Jeff McMurtry; 1936-жылдын 3-июнунда туулган) — америкалык роман жазуучу, эссеист, китеп сатуучу жана сценарист. Анын чыгармаларынын көбү эски Батыштагы же болбосо азыркы Техастагы окуяларды чагылдырат. Анын "Атчан, жанымдан өт" (англ. Horseman, Pass By, 1962), "Акыркы кинокөрсөтүү" (англ. The Last Picture Show, 1966) жана "Назик тил менен" (англ. Terms of Endearment, 1975) сыяктуу романдары тасмаларга ылайыкташтырылып, "Оскар" сыйлыгына 26 жолу көрсөтүлгөн (10 жолу уткан). Анын 1985-жылдагы "Пулитцерге" татыктуу болгон "Жалгыз көгүчкөн" (англ. Lonesome Dove) романы кичи телесериалга ылайыкташтырылып, "Эмми" сыйлыгына 18 жолу көрсөтүлгөн (жети жолу уткан). Андан тышкары "Жалгыз көгүчкөн" циклиндеги дагы үч роман да үч башка кичисериалдарга ылайыкташтырылып, дагы сегиз "Эмми" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Макмертри жазуучу Дайана Оссана менен "Бүкүр тоо" (англ. Brokeback Mountain, 2005) тасмасы үчүн сценарий жазышып, ал "Оскардын" сегиз номинациясына көрсөтүлгөн жана үчүндө жеңген. Алардын ичинде Макмертри менен Оссана "Эң мыкты ылайыкташтырылган сценарий" сыйлыгына да татышкан.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Чыгармалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү