Лебединовка

Аламүдүн районундагы айыл
Лебединовка, Аламүдүн району‎»‎ барагынан багытталды)

ЛебединовкаКыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Лебединовка айыл аймагынын акимий борбору.СОАТО коду — 41708 203 831 01 0[3]. БишкекБалыкчы автоунаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 760 м бийиктикте жайгашкан. Бишкек шаарына батышынан туташат. Кыштактын түндүгүнөн Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1891-ж. негизделген. Калкы 20 709 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто мектеп, китепкана, бала бакча, маданият үйү, клуб бар. Учук оорулар диспансери, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, Аламүдүн тери өндүрүш бирикмеси, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалистик Эмгектин Баатырлары А. Я. Семёнистова жана А. Т. Бочкарёва туулган.

Отурукташкан жай
Лебединовка
Өлкө Кыргызстан
Облус Чүй облусу
Район Аламүдүн району
Координаттар 42°53′05″ с. ш. 74°40′38″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1891
Мурунку аталышы Ворошиловское[1]
Борборунун бийиктиги 730 ± 1 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 20 709 [2] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Автоунаа коду C, S, 08
Лебединовка (Кыргызстан)

Калкы түзөтүү

Калкы - 20 709 киши.[2]Калып:Kyrgyzstan-stub

Булактар түзөтүү