Левират (латын тилинен levir — күйөөсүнүн бир тууганы, кайнага, кайни) — бүлө, нике мамилелериндеги жесир калган аялды кайнисине же кайнагасына, же өлгөн күйөөсүнүн жакын туугандарынын бирине алып берүү салты. Дүйнөнүн дээрлик бардык элдеринин, алардын ичинде кыргыздардын да турмушунда орун алып келген салт. Адатта кандайдыр бир кырсыктан, оорудан эри каза болуп жаш аял жесир калса анда ал бир нече убактан кийин (адатта кара ашын берип, кийимин алмаштыргандан кийин) бир тууган кайнисине тийген (кайнисинин чоң кичүүлүгү эске алынган эмес). Бул салт патриархалдык, уруулук-жамааттык мамилелерден келип чыккан. Калың төлөнүп (ага бүт уруу, жамаат мүчөлөрү катышкан) алынгандан кийин аял киши толугу менен башка уруунун карамагына өткөн жана андан чыга алган эмес. «Чыккан кыз, чийден тышкары» деп төркүндөрү да кабыл алган эмес. Сагымбай Орозбаковдун вариантында кытай мамлекети кыргыздарды бөлүп кеткенде Алтайга барганда Жакыптын Чыйыр деген агасы өлгөн. Чыйырдынын Шакан аттуу (кийин Шакан аты унутулуп Чыйырды аталып кеткен) аялын Жакыптын алышы Л. салты менен байланыштуу. Ошондой эле «Семетей» бөлүгүндө да Манас өлгөндөн кийин анын ашын бере электе эле аталаш туугандары Абыке, Көбөш Каныкейди алмакка аракет жасашкан. Бул эпизоддо элдин бүлө, нике тарыхындагы реалдуу салты эпосто да чагылдырылганын айгинелейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4