Лезгинка – Бүткүл Кавказга тараган (кабардин, осетин, чечен, ингуш жана башка элдерге) байыркы элдик бий жана аны коштогон музыка. Лезгинка – бий-жарыш. Ал бийчилерден шайдооттукту, ыкчамдыкты, чеберчиликти талап кылат.

Лезгинка (1900).

Бийдин сүрөттөлүшү түзөтүү

Лезгинка - жеке же жубу менен бийленүүчү бий. Кавзказ элдеринин көбүндө тараган. Улуттук кийимдер жана ансамблдин коштоосунда көркөм көрүнөт. Бийдин музыкалык чени - 6/8; обону так жана шайдоот, ыргагы ылдам.ң

Бийде эки элес жаратылат: Эркек "бүркүттүн" туурап, жай жана учкул кыймылдарды алмаштырып турат; Аял болсо "ак куунун" элесин салып, көрктүү калкып, колдорун жай кыймылдатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7