Лейтенант (фр. lieutenant – орун басар) – көпчүлүк мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндөгү кенже офицерлер курамынын аскердик наамы; лейтенант алгач Францияда пайда болуп, отряд начальнигинин орун басары (16-кылымдан рота командиринин орун басары) деп аталган. 17-кылымдын 2- жарымынан Франция жана башка өлкөлөрдө лейтенант армия жана флотто офицердик аскердик наамга айланган. Россияда лейтенант наамы 1701-жылдан флоттун кенже офицерлери, 1722-жылдан армия жана гвардиянын офицерлери үчүн ыйгарылган. 1716-жылдан « лейтенант » түшүнүгү кээ бир генералдык наамдардын (генерал-фельдмейстер - лейтенант, генерал - лейтенант, генерал-квартирмейстер- лейтенант жана башка) курамдык бөлүгү катары колдонулган. СССРде лейтенант аскердик наамы 1935-ж., КРде «Аскердик наамдарды, класстык чиндерди, атайын класстык чиндерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» мыйзамынын негизинде 1999-ж. кирген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7