Ленин району ― Бишкек шаарынын 4 райондорунун бири, шаардын түштүк-батыш жагында жайгашкан, аянты — 5 873 га, калкынын саны - 201 626 (2009-жылдын маалыматы боюнча) болгон аймак.

Ленин району
Өлкө:

Кыргызстан

Абалы:

Район

Киргени:

Бишкек

Аким:

Тагаев Русланбек Таштанбекович

Саат алкагы:

UTC+6

Аймагы түзөтүү

Бул район бир нече көчөлөр жана аймактар менен чектешет:

Обьектер түзөтүү

Ленин районунда бардыгы болуп 76 өнөр жай ишканары орун алган:

  • тамак-аш — 19;
  • жеңил өнөр-жай — 8;
  • машина куруу — 3;
  • полиграфиялык — 10;
  • химиялык — 5;
  • жыгачты кайра иштетүү — 4;
  • энергетика — 5;
  • резина жана пластмассалык буюмдарды иштеп чыгаруу — 7; ж.б.

Жана дагы 1 400төн ашык сатуу жана тейлөө объектилери бар. Ленин районунда чоң ишканалар бар. Алсак:«БМЗ»АК, «БШЗ»МИ, «Кока-кола» ЖАК, «АРПА» АК, «Акун» ЖАК, «Бишкекстройматериалы» АК, «Полибетон» АК, «Кыял» КУБП, «Эльвест» АК, жана Бишкек шаарынын ЭЭАнын ишканалары.

Райондун аймагында 16 дарылоочу мекемеси бар.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Филармониясы, «Учур» жана «Тунгуч» театрлары сыяктуу маданий имараттар да орун алган.

Ленин районунда АКШнын, Кытай Эл Республикасынын, Казакстандын жана Беларусиянын элчиликтери жайгашкан.

Акимдеринин тизмеси түзөтүү

  • Султанов Токтосун Султанович
  • Тагаев Русланбек Таштанбекович (15.09.2021—

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү