Леонов Леонид Максимович

Леонов Леонид Максимович (19(31). 5. 1899, Калуга губерниясы, Тарус уезди, Полухино кыштагы – 7. 8. 1994, Москва) – орус жазуучусу. СССР ИАнын академиги (1972). РСФСР иск-восуна эмгек сиңирген ишмер (1949), Социалистик Эмгектин Баатыры (1967). 1922-жылдан алгачкы аңгемелерин жана повесттерин жарыялаган. Анын ысмын журтка тааныткан – «Кашкулактар» (1924) романы. Романда орус кыштагы социалдык абалын реалдуу чагылдырып, келечектин жаркын элесин көрсөтө алган. Бул мотив кийинки «Ууру» (1927, 2-редакциясы 1959), «Провинциядагы окуя», «Буурул түн» (1928) жана башка повесттеринде да өнүктүрүлгөн. Ошол эле учурда социализм куруп жаткан элдин баатырдык эмгегин баяндаган «Соть» (1930) романын жазат. 1930-жылдардын аягы – 40-жылдардын башында Леонов драматургия жанрында иштеп, «Половчан багы» (1938), «Карышкыр» (1938), «Бороон» (1939) жана башка. пьесаларды жараткан. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда «Жапырык» (1942; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1943) пьесасын, «Великошумскини алуу» (1944) повестин, ошондой эле публ. макалаларын жарыялаган. Согуштан кийинки чыгармаларынын эң мыктысы – «Орус токою» (1953; Лениндик сыйлыгы, 1957) романы. Анда табияттын экологиялык маселеси, орус токоюнун тарыхый тагдырына байланышкан кагылыштар, талаш-тартыштар, көз караштар айкын чагылдырылган. 20-кылымдын 50–60-жылдары Леонов «Evgenia Ivanovna» (1963) повестинин, «Алтын араба», «Бороон», «Жапырык» пьесаларынын жана «Ууру» романынын жаңы редакциясын берген. «Мистер Мак-Кинлинин качышы» киноповести (1961; аты уйкаш фильм, 1976; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1977) бар. Социалдык, адеп-ахлактык, психологиялык, философиялык проблематикасынын тереңдиги, образдарынын көркөмдүгү Леоновдун прозасын адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн катарына кошот. Төрт Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7