Ле Зуан (7. 4. 1907-ж. т„ Борб. Вьет­нам, Куангчи провинциясы, 10 июль 1986, Ханой) — Вьет­нам ж-a эл аралык коммунистик кыймылдын ишмери.

Өспүрүм кезинен франц. колониячыларга карты рев-ячыл кыймылга кошулган. 1928-ж. Вьетнам рев-ячыл жаштарынын шериктигине кирген. 1930-жылдан Инди-кытай компартиясынын [ИККП; 1951- жылдан Вьетнам эмгекчилер партиясы (ВЭП), 1976-ж. декабрдан Вьетнам коммунисттик партиясынын (ВКП)] мүчөсү.

1936-ж. ИККПнин Борб. Вьет­нам комитетинин секретары, 1939- жылдан ИККП БКнын Туруктуу ко­митетинин мүчөсү. Въетнамдагы Ав­густ революциясы (1945) жеңген соң ИККП БКнын Түш. Вьетнамдагы өкүлү болуп, чет элдик баскынчыларга каршы эл массасын уюштурууда чоң иш жүргүзгөн. 1951-жылдан ВЭП БК­нын Саясий бюросунун мүчөсү ж-а секретары. Вьетнам элинин каршылык көрсөтүү согушу (1945—54) мезгилинде Вьетнам элинин Август рев-ясынын жеңиштерин коргоп калуу күрөшүнө жетекчилик кылган. Түш. ж-а Борб. Вьетнамда парт, ишке активдүү катышкан.

1960-жылдан ВЭП БК­нын биринчи секретары, 1976-ж. де­кабрдан ВКП БКнын ген. секретары. Партиянын иш-аракети ж-а ВСРдин соц. курулуш маселелери боюнча бир катар теориялык эмгектердин авто­ру. СССРде бир нече жолу болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.