Либревил

Либревиль шаары‎»‎ барагынан багытталды)

Либревил (французча: Libreville) — Африкадагы бир шаар, жана Габондун борбор шаары. Атлантика океанындагы порт шаар. Эстуарий провинциясынын административдик борбору. Өлкөнүн батыш бөлүгүндө, Гвинея булуңунун жээгиндеги түздүктө жайгашкан.

Либревил
шаар
Либревил
Өлкө Габон
Population (2005)
 • Total 578 156
Time zone GMT

Калкы 753,6 миң (2010; өлкөнүн калкынын 40%и). Габондогу калк эң жыш жайгашкан шаар. Эл аралык аэропорту бар. Университет, Ыйык Мишель, Ыйык Мария чиркөөлөрү, музейлер жана башка бар. Шаарга жакын белгилүү улуттук парк Лопе жайгашкан.

Тарыкы түзөтүү

Либревиль 1849-ж. негизделген. 1886-жылдан Габондун курамындагы Франция ээлигине, 1910–58-ж. Франция Экватордук Африкасына караган. Габон көз карансыздык алган 1960-жылдан өлкөнүн борбор шаары.

Географиясы түзөтүү

Экономиясы түзөтүү

Тамак-аш (кофе, какао иштетилип, пиво кайнатылат), текстиль, жыгаччылык өнөр жай ишканалары жана кеме верфи иштейт.

Дагы көрүү түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7