Астрид Линдгрен

Линдгрен Астрид Анна Эмилия‎»‎ барагынан багытталды)

А́стрид А́нна Эми́лия Ли́ндгрен, Эрикссон фамилия менен туулган (швед. Astrid Anna Emilia Lindgren, 14.11. 1907, Смоланд, Виммербү – 28. 1. 2002, Стокгольм; сөөгү Виммербюга коюлган) – швециялык балдар жазуучусу. 1947–70-ж. «Рабен жана Шёгрен» басмасында балдар бөлүмүн жетектеген. Анын «Пеппи – Узун Байпак» (1945–52), «Бала менен Карлсон жөнүндө» (1955–68), «Селсаяк Расмус» (1956) аттуу повесттери балдарга арналган. Линдгрен – «Бюллербю жөнүндө китеп» (1952), «Бузотёрлор көчөсүндөгү балдар» (1958), «Мадикен» (1960) аңгеме-повесттеринин, ошондой эле «Рони каракчынын кызы» (1981) романынын автору. «Пеппи – Узун Байпак», «Селсаяк Расмус», «Менин Миом» жана башка чыгармалары экрандаштырылган. 1996-ж. Стокгольмдун борборунда эстелиги орнотулган жана өлгөндөн кийин Швеция өкмөтү тарабынан анын атындагы адабий сыйлык уюштурулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7