Липенка
Липенка – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Липенка айыл аймагына караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүк-чыгышында, Жыргалаң булуңунун түштүк тарабындагы түздүктө, деңиз деңгээлинен 1658 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 21 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 214 км. Кыштак 1911-ж. негизделген. Калкы 1594 (2009); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, клуб бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Советтик Союздун Баатыры Е. Б. Пасько туулган.
Липенка | |
Липенка | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Облус |
Ысык-Көл облусу |
Тарыхы жана Географиясы | |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Калкы түзөтүү
Калкы - 1 594 киши.[1]
Булактар түзөтүү
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.