Литий хлориди, LiСl - түссүз кристалл. Эрүү t 614°С, кайноо t 1382°С. 100 г сууда (0°С) 69,18 г Л. х. эрийт. Нымдуулукту жакшы тартат. Этанол, пропанол, ацетон, хло-роформ, пиридинде, татаал эфирлерде жакшы эрийт. Л. х. Li2SО4 менен ВаСl2 ортосундагы орун алмашуу реакциясы аркылуу, көмүртек катышуусу менен Li2О жана Li2СО3 ысытып хлорлоодон жана LiОН же Li2СО3 туз к-тасы менен өз ара аракеттенишинен пайда болот. Ал металлдык литий жана анын бирикме-лерин алыш үчүн сырьё болуп саналат. Ө. ж-да колдонулуучу кондиционердеги нымды, СО2 жана орг. заттар сиңирип алуучу компонент болуп саналат. Л. х. флотореагенттер өндүрүшүндө, орг. синтезде катализатор, самолетту муз каптоодон сактоочу каражат катарында пайдаланылат, ток хим. булактарында катуу электролит болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү