Жина Лоллобрижида

Лоллобриджида Жина‎»‎ барагынан багытталды)

Лоллобриджида Жина (өз ысмы Луиджина; 4. 7. 1927-ж. туулган, Субиако) – италиялык актриса. 1946-ж. «Кара бүркүт» фильмине тартылган, 1947-ж. Италияда өткөн «Мисс Италия» сулуулук конкурсунан кийин белгилүү боло баштаган. Ж. Филипп менен «Фанфан-Тюльпан» (реж. Кристиан Жак) окуя-жоруктуу фильмине тартылган. 1950-жылдардын башында «күлгүн неореализмдин» фильмдерине, анын ичинде ага атак-даңк алып келген Лоллобриджида Коменчининин «Нан, сүйүү жана фантазия», «Нан, сүйүү жана кызганыч» комедияларына В. Де Сика менен бирге тартылган. Кийин Лоллобриджида италиялык, европалык жана америкалык көңүл ачуучу мүнөздөгү фильмдерге («Соломон жана каныша Савская», «Империялык Венера» жана башка) тартылган. 1970-жылдары Лоллобриджида Куба жөнүндө «Фиделдин портрети» (1975) деген документ фильм коюп, көркөм фотография менен иштейт. «Абайлагыла, бандиттер», «Түнкү сулуулар», «Элеттик кыз», «Римдик кыз», «Париждик Кудай эне собору», «Сентябрда кел», «Эң сонун ноябрь», «Төрө, матке, вазир» фильмдерине тартылган. 1980- жылдардан скульптура менен алектенет. Чыгармачылыгы жана киноискусствого кошкон салымы үчүн Батыш Берлинде (1986), Карлови-Вариде (1995), Москвада (1997) ЭКФ сыйлыгын алган. Ардактуу легион ордени менен сыйланган.

Эмгеги: Italia mia. Аirenze, 1972; Моя Италия. М., 1975.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7