Лонгфелло Генри Уодсуорт

Лонгфелло Генри Уодсуорт (англ. Henry Wadsworth Longfellow; 27. 2. 1807, Мэн штаты, Портленд – 24. 3. 1882, Массачусетс штаты, Кембриж) – америкалык акын, жазуучу. Боудойн коллежин бүтүрүп, Европадан (1826–29) окуусун аяктаган. Алгачкы ырлары 1820-ж. чыккан. Ыр, роман, поэма, новелла жана публицистикасында романтик катары согушка, кулчулукка, улуттук кастык менен эзүүгө каршы чыгып, буржуазиялык практицизмге жаратылышты жана өткөн замандын патриархалдык-пуритандык адеп-ахлагын каршы койгон. Индей жомокторун негиз кылып, финн эпосу «Калеваланын» үлгүсүндө индейлердин элдик баатыры жөнүндө «Гайават жөнүндө ыр» (1855) аттуу эпосту жазып, дүйнөгө атагы чыккан. «Жерлер жөнүндө ырлар» (1876–79) аттуу 31 томдон турган жыйнагын чыгарган. Анын «Кулчулук жөнүндө ырлары» Россиянын демократиялык чөйрөлөрүндө, айрыкча 19-кылымдын 60-жылдарындагы белгилүү чыгармалардан болгон.

Лоңгфелло Генри Уодсуорт
англ. Henry Wadsworth Longfellow
Туулган датасы:

27 -февраль 1807(1807-02-27)

Туулган жери:

Портленд, Мэн, АКШ

Өлгөн датасы:

24 -март 1882(1882-03-24) (75 жаш)

Өлгөн жери:

Кембриж, Массачусетс, АКШ

Ишмердүүлүгү:

жазуучу

Чыгармаларынын тилдери:

иңглиш тили

Кол тамгасы:

Кол тамгасы

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7