Лукиан (120-ж. чен, Сирия, Самосата шаары – 180-жылдан кийин, Египет) – байыркы грек жазуучу-сатириги. 165–180-ж. ченде Афиныда мыкты чыгармаларын жараткан. Туңгуч чыгармалары экинчи софистика багытында. Лукиан сатиралык диалог жанрында жатык, куйкум тил менен мифолологиялык сюжеттерди пародиялайт; кейипкерлеринин сөздөрү азилге, ылакапка бай. Такшалган кезинде киниктердин демократиялык философиясынын идеялары менен стоиктердин идеяларына таасирленет («Менипп», «Той», «Кудайлар маеги», «Өлүктөр падышалыгындагы маектер»). Филос. көз карашынын эволюциясы Лукианды Эпикурдун материализмине жакындаткан. Лукиандын чыгармачылыгы византиялык сатирачыларга, кийинчерээк Кайра жаралуу (Эразм Роттердамский, У. Гуттен, Ф. Рабле) жана Агартуу доорлорунун (Вольтер, Ж. Свифт) сатиралык адабиятына таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7