Люлька Архип Михайлович

Люлька, Архип Михайлович‎»‎ барагынан багытталды)

Люлька Архип Михайлович (укр. Архи́п Миха́йлович Лю́лька; 1908 — 1984)— сов. конcтруктор.

  • СССР ИАнын акад. (1968; корр. мүчө, 1960).
  • Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). 1947-жылдан КПСС мүчөсү.
  • Киев политех, институтун бүтүп (1931), авиация өнөр жайында (Харьков, Ленин­град, Москва) иштеген.
  • 1933—37-ж. газ турбинасын авиад. кыймылдаткыч катары колдонуу маселеси бюнча иштеген жанa ылдам учуучу самолёттор үчүн турбореактивдуу кыймылдаткычты түзүүнү ил. негиздеген.
  • 1939—41-ж. эки контурдуу турбореак­тивдуу кыймылдаткычтын конструкциялык схемасын иштеп чыккан.
  • 1946-жылдан авиац. кыймылдаткыч ген. конструктор.
  • Анын катышуусу жанa жетекчилиги менен 1948-ж. ата мек. туңгуч турбореактивдуу кыймылдаткыч түзүлгөн.
  • СССР мамл. сыйл. (1948, 1951) лауреаты.
  • Үч Ле­нин ордени, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери жанa медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.