Лямцев Виктор Трофимович

Лямцев Виктор Трофимович (1929-ж. туулган, Новгород облусу Новгород шаары) – паталогоанатом, медицина илимдеринин доктору (1973), профессор (1976). И. П. Павлов атындагы 1-Ленинград медициналык институтун (1952), ошол эле жерде аспирантураны (1955) бүтүргөн. 1-Ленинград медициналык институтунда ассистент (1955–59), Комбоджи госпиталында экспертдарыгер, КММИде кафедра башчысы, профессор (1960– 78), 2003-жылдан КРСУда профессор болуп иштеген. КРдин эмгек сиңирген дарыгери. Патoлогиялык анатомия боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 5 окуу китеби жана окуу куралы бар. Эмгектери: Методические пособия по курсу частной патологической анатомии (в соавторстве). Б., 2001.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7