Ляховенко Андрей Павлович

Ляховенко Андрей Павлович (1895, Полтава губерниясы, Хорольск уезди, Березняки айылы – 30.11.1971, Бишкек) – айыл чарба ишмери, Социалистик Эмгектин Баатыры (1948). 1945-жылдан Аламүдүн районундагы «Гигант» колхозунун башкармасы болгон. Ал жетекчилик кылган колхоз 1947-ж. кызылчанын ар гектарынан 829,1 цден түшүм алып, кызылча өстүрүүдө чоң ийгиликтерге жетишкен. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7