Мааматкул Бий Үчүкө уулу (болжол м-н 1668-70 – 1758-жылдан кийин, Кетмен-Төбө, Тагай конфедерациясы) – XVIII кылымдын I жарымында түндүк кыргыз урууларынын башчысы, белгилүү тарыхый инсан, калмак баскынчыларына каршы элдик күрөштүн (к. Жуңгар хандыгы, Кыргыз-калмак (ойрот) согуштары) жетекчилеринин бири; кыргыз урууларын башкарган чоң бий (кыт. «чжан»). Кээ бир даректе Мааматкул, кытай хроникаларында «Ма-моет-холь»,, Минглибай бий болуп аталат.

Өмүр баяны түзөтүү

Үчүкө, Түлкү баатыр Жаңыл мырза колдуу болуп өлгөндөн кийин кыргызды Кудаян хан бийлеп калган. 1680-ж-дын орто ченинде калмак баскынчылыгына туруштук бере албай, кыргыз уруулары Фергана тарапка сүрүлүп, Ысар-Көлөпкө чейин кирген ж-а Сыр-Дарыяга жакын жерде Кудаян хан каза болгон.

1720—1750-жылдарда калмак баскынчыларына каршы элдик согушту жетектегендердин бири. Түндүк кыргыз уруулары калмактардан Гиссар, Кулябка сүрүлгөндө Сыр-Дарыяга чейин барып, кийин сарыбагыш, солто, саяк ж. б. уруулардын башын бириктирип, Намангандын үстүндө турган. Маматкул бий жана Кошой бий башында турган кыргыз уруулары 1750-жылдардын баш чендеринде калмактардын Таластын оозу Капкада, Чүйдүн Кара-Кыштак, Сокулук жана Ак-Бешимде топтолгон негизги күчтөрүн талкалап, Ысык-Көлдөн ары Илеге чейинки кыргыз жерлерин бошотушкан.

Натыйжада 1755—1756-жылдарда кыргыз элитолугу менен Чүй, Нарын жана Ысык-Көл аймактарын кайрадан ээлеп калышкан. Жунгар мамлекети кулагандан кийин 1758-жылы кыргыздарды Цинь империясынын карамагына өтүүгө үтүгтөгөн кытайлык чабармандар Ысык-Көлдө Мааматкулга жолутушкан.

Кытайдын тарыхый дарегиндеги маалыматтарга караганда Мааматкул кыргыз урууларынын бийлери тарабынан шайланган башкаруучу экендиги жана ал кытайча «чжан» деп атала тургандыгы айтылат, Кытайлык чабармандардын сүрөттөөсүнө караганда Мааматкул бий ошол мезгилде 90 жашка чыккан, өтө эткээл, бирок ал-күчүнөн тая элек, али да ат үстүндө жүрүп жоого аттанганга жарамдуу адам болгон экен.

Кудаяр хандан кийин бийлик Маматкул бийге өтүп, Ферганага ооп барган кыргыздарды бириктирүү процесси башталган. Биринчи кезекте кыргыздар м-н тыкыз мамиле түзүп, алардан колдоо алган жерг. ферганалык майда уруулар бийликке жетип, жаңы мамлекет – Кокон хандыгынын түптөлүшүнө шарт түзүлгөн. 1720-ж-дан баштап Маматькул бий калмактарга каршы элдик күрөштү жетектөөнү колго алып, 1730–32-ж. кыргыздардын негизги тобу Кетмен-Төбө өрөөнүнө кайтып келген. Бул мезгил М. б. башында турган түндүк кыргыз урууларынын өз алдынча чакан мамл. түзүлүшүнүн (конфедерация) андан ары калыптануу учуру катары каралат. Санжыра маалыматтары б-ча биринчи кезекте бөлүндү болуп, калмактардын кол алдында калган бугу уруусун (белек) кайра кыргызга кошкон.

Маматкул бий Коңур-Өгүзгө жайгашып, жардамчылыры – Майтык (кушчу уруусу), Каработо бий (кытай), Акбай бий (саруу), Кошой бийлер (солто) болушкан. Өрөөнгө отурукташып болгондон кийин жардамчылары м-н «калмактын малына кызыгып, тоо арасында калып калып жүрбөйлү? Өсүп-өнмөй бар, өз конушубузду өзүбүз бошотуп албасак, ким бошотот? Казак ээлеп, алып калса кантебиз? Койгула, көрүнөө аттаналы, Иледен нары өтпөйлү. Аягы Бетегелүү Кой-Таш (Фергана өрөөнү), башы Кызыл-Кыя, Санташ (Ысык-Көл) – ушу жердеги калмакты кууп чыгалы. Чүй, Талас, аягы Байгара, Жамбыл (Казакстан) – өз конушубузду алалы» деп кеңешип, кыргыздардын Кетмен-Төбөдөн Ат-Башы, Ысык-Көл, Чүйгө көчүшүнө демилге көтөргөн.

1735–40-ж. М. б. ж-а Кошойдун жетекчилиги м-н Эр Солтоной, Атаке, Качыке, Бердике, Момокон сыяктуу ж. б. баатырлар Чүй өрөөнүндөгү Кара-Кыштак, Сокулук ж-а Акбешимде турган калмакка чабуул коюп, баскынчылардан конуштарды бошотуу процесси башталган. Мындан кийин (болжол м-н 1750–60-ж.) кыргыздар Чүй өрөөнү, Ысык-Көлдүн башы, Иле д-на чейинки жерлерден конуш ала башташкан (к. Кыргыздардын Чүйгө көчүшү). Кытай хроникалары («Си-юй туч-жи») б-ча 1758-ж. Кетмен-Төбөдөгү Маматкул бийдин кол алдында 4 миң, ал эми Туюк-Төрдөгү (Туюй Хуяр) уулу Болоттун кол алдында 2 миң түтүн кыргыз болгондугун эскеришит.

Ушул жылы (б. а. Жуңгар хандыгы талкалангандан кийин) кытай элчилеринин келишине байланыштуу Цин мамлекети м-н чек ара тактоо максатында өз атынан Шербек Жакшыбай уулун, сарыбагыш уруусунун атынан небереси Черикчи, саяктан Түлкү Айт уулу, солтодон Нышаа, саруудан Бореке уулу Акбай ж-а уруусу аталбаган Айдарбектин иниси Ноци, Шүкүр сыяктуу 8 кишини Кытайга аттандырган.

Алар о. эле жылы Цин императорунун кабыл алуусунда болуп, саясий ж-а чек ара маселелерин чечип келишкен. Маматкул бийдин тушунда Фергана өрөөнүнөн баштап Жети-Суу ж-а Чыгыш Түркстанга чейинки аймакта конфедерациялык типтеги кыргыз урууларынын өз алдынча мамл. түзүлүшү аяктаган.

Эки канатты жалпы Маматкул бий кармаган, анын кеңешчиси Каработо бий, Майтак бий (кушчу уруусунан), Акбай бий (саруу уруусунан) болгон.
Маматкул бий небереси Черикчи баштаган элчилерди 1758-жылы Бээжинге аттандырган. [1]
Маматкул-бий 1758-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндө дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Арстанбапка коюлган.

Булактар түзөтүү

  1. Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014. – 442-бет.
  • Кыргыз тарыхы: Энциклопедия
  • Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү, 2014.
  • Б.Солтоноев.Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993.
  • Э. Турганбаев. Алымбектин санжырасы. - Б.:, 2007.
  • Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары 2т.
  • Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2, Б., 2003;
  • Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Кыргыздардын жана Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхы: (XVII - XX кк. башы): Орто мектептердин окуучулары үчүн кошумча сынак окуу куралы / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, А.Асанканов. — Бишкек: «Кыргызстан» басмасы, 1995. — 187 б. - ISBN 5-655-01032-1.
  • Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII – начала XIX веков. АН КР, отдел рукописей.
  • Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995;
  • Нарын областынын энциклопедиясы. Бишкек, 1998-жыл. 281-6.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (ISBN 9967-00-001-5). – 160 б.