Магматизм – магманын эрүү, өзгөрүү, орун которуштуруу, катуу тоо тектер менен өз ара аракеттенүү жана сууп, тоо текке айланышына байланыштуу процесстер. Жер кыртышынын терең бөлүгүндө ар кандай физикалык-химиялык процесстерден пайда болуучу чоктой балкыган ысык магманын курамындагы суу буулары менен газдар магманы суюк жана кыймылдуу абалга алып келет. Тыгыздыгы кемип, салмагы жеңилдейт. Жогору көздөй көтөрүлөт. Магманын алган ордуна, кыймыл-аракетине жараша тереңдиктеги жана жер бетиндеги (эффузия же вулканизм) магматизм болуп ажыратылат: 1) интрузия магматизминде магма жер бетине көтөрүлүп чыкпай, тереңдиктеги боштуктарды ээлейт. Өтө жай сууп, курамындагы минералдар толугу менен кристаллдашып, толук кристаллдуу текке айланат (мисалы, гранит); 2) эффузия магматизминде магма терең жаракалар менен жогору көтөрүлүп, жер бетине жанар тоо болуп атылат. Натыйжада магманын курамындагы суу буулары, газдар атмосферага тарап кетет. Мындай суу буулары жана газдан ажыраган магма лава деп аталат. Лава атмененын каршылыгына учурап, өтө тез сууйт. Курамындагы минералдар кристаллдашууга үлгүрбөйт. Кристаллы жок аморфтуу тек келип чыгат (мисалы, базальт). Магматизм, ошондой эле алган орду боюнча геосинклиналдык, платформалык, океандык, активдүү аймактык; тереңдиги боюнча абиссалдуу, гипабиссалдуу, жер бетиндеги (вулканизм); магманын курамы боюнча ултьранегиздүү, негиздүү, кычкылдуу, жегичтүү болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү