Магнитогорск – Россиядагы шаар (1931-жылдан). Челябинск областынын аймагында, Урал дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 410,0 миң (2010). Темир жол станциясы. Шаар металлургиялык комбинаттын курулушуна байланыштуу пайда болгон. Металлургдар ак сарайы, чиркөөлөр, эстеликтер бар. Кара металлургия (металлургия комбинаты жана заводу) Өнөр жайынын ири борбору. Машина куруу ишканасы, пианино заводу иштейт. Университет, институттар (тоо-кен металлургия жана педагогикалык), театрлар (анын ичинде опера жана балет, куурчак), китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн), сүрөт жана балдар сүрөтү галереялары, филармония, край таануу музейи бар. Шаарда фестивалдар жана конкурстар өткөрүлүп турат. Магнитогорск 1743-жылы негизделген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү