Магнитсиздениш - тышкы магниттөөчү талааны алып кеткенден кийин ферромагниттүү нерседеги калдыктуу магниттин азайышы.

  • Манитсиздениш бир нече жол менен ишке ашырууга болот. Нерсени же тетикти Кюри температурасынан да жогору ысытканда ал магниттик касиетин толук жоготот.
  • Бул ыкма кеп учурда колдонулбайт, себеби ысытуудан тетиктин мех. ж. б. касиеттери өзгөрөт.
  • Магнитин кетирүүнүн дагы бир кеңири таралган ыкмасы магнити кетириле турган тетикти амплитудасы нөлгө чейин азаюучу өзгөрмө магнит талаасы менен циклдүү кайра магниттөөдөн турат.
  • Мында магнитсиздендирүүчү өзгөрмө талаанын амплитудасыпын максимум чоңдугу магниттөөчү та­лаанын чоңдугунан кем болбошу керек.
  • Магнитсиздеништин натыйжасы магнитсиздендиргич талаанын жыштыгына, анын азаюу ылдамдыгына, тетиктин калыцдыгына жанa талаанын нерсеге тереңдеп кирүүсүнө коз каранды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.