Магнон – магниттик иреттүү чөйрөдөгү спиндердин бурулуш толкунуна туура келүүчү квазибөлүкчө. Магнон заттын жылуулук, жогорку жыштыктуу талаа ж. б. касиеттеринде байкалат. Температурасы Т=0К чөйрөдө магнон болбойт, температуранын жогорулашы менен магнондун саны өсөт. Магнон санынын өсүшү магнит иреттүүлүгүнүн азайышына алып келет. Температуранын жогорулашы менен магнон саны өскөндүктөн, ферромагнетиктердин магниттелиши азаят. Нейтрондордун жана жарыктын чачырашы магнондун пайда болушу менен коштолот. Узун толкундуу магнонду өтө жогорку жыштыктагы талаа аркылуу дүүлүктүрүүгө болот. Нейтрондордун серпилгичтүү эмес чачырашы магнондун дисперсия законун экспериментте аныктоонун өтө маанилүү ыкмаларынын бири болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү