Мазков, Евдоким Константинович

Мазков Евдоким Константинович - (1922, Казак ССРи, Актөбе облусу Мартук станциясы — 1980, Жалал-Абад шаары) — учкуч, Советтер Союзунун Баатыры (1944). 1944-жылдан КПСС мүчөсү. Орто мектепти Жалал-Абад шаарынан бүтүргөн. Жалал-Абад шаарынан Советтик Армиянын катарына чакырылган. 1941—42-жылдары Чкалов шаарындагы учкучтардын жогорку мектебинде окуган. 1943-жылдын апрелинен Түштүк-Батыш жана Закавказье-Украин фронтторунда болуп, Белгород, Донбасс, Запорожье, Кривой Рог, Никополду бошотууга катышкан. 85 согуштук учуу жасап, душ-мандын 89 автомашинасын, 7 танк, 26 замбирегин, 8 дзот, ок-дары сакталуучу 4 кампасын, 19 вагонун, 2 ротадай аскерин жок кылган. Запорожье аймагында Днепр дарыясындагы темир жол көпүрөсүн сүрөткө тартып алуу боюнча өтө татаал тапшырманы аткарган. Түндүк Балтиканы бошотууга катышкан. 1943-жылдын сентябрынан авиазвенонун командири, 1944-жылы Балтика боюндагы салгылашта оор жарадар болгондон кийин капитан наамында отставкага чыккан. Смоленск областынын Шумячь районунундагы Форпост кыштагында слесарь болуп иштеген. Кийин Жалал Абад шаарында жашаган. Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989-ж.