Майоран (Majorana) (лат. Origanum majorana) — эрин гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу; көп жылдык чөп же майда бадал.

Жалбырагы дүпүйүп, гүлү майда бо­лот. Жер Ортолук деңизинде 6 түрү кездешет. Бир жылдык өсүмдүк ка­тары Түш. ж-а Борб. Европада, АКШ менен Кытайда; Украина, Литва, Россия жана Орто Азияда эгилет.

Бак Майорандын (Majorana hortensis) сабагынын бийикт. 20—50 см, бутактуу. Жалбы­рагы тамак-ашка татымал катары пайдаланылат. Жалбырагы менен гүлүнөн эфир майы тартылат. Майоран — ширелүү, дары-дармек өсүмдүгү. Гектарынан 40—50 ц жашыл масса жыйналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.