Македония Байыркы – Балкан жарым аралындагы кул ээлик мамлекет (биздин заманга чейинки 5–2-кылым). Филип IIнин тушунда (биздин заманга чейинки 359–336) Хороней жанындагы салгылаштан (биздин заманга чейинки 338) жана Панэллин (Коринф) конгрессинен кийин Грецияда өз үстөмдүгүн орноткон. Александр Македонскийдин убагында (биздин заманга чейинки 336–323) анын чыгышка жасаган баскынчылык жортуулдарынын (Ахемениддер мамлекетин ж. б. коңшу өлкөлөрдү каратуунун) натыйжасында түзүлгөн дүйнөлүк державанын борбору болгон. Биздин заманга чейинки 3-кылымда Македониянын ээликтери Балкан жарым аралы менен гана чектелген. Биздин заманга чейинки 214-жылдан Рим менен таймашка түшүп, үч жолу (биздин заманга чейинки 215–205, 200–197, 171–168) согушкан жана биздин заманга чейинки 148-жылы жеңилип, Рим провинциясына айланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү