Маккавей иуда (б. з. ч. 161-ж. өлгөн)— Иудеяда Селевкилердин сая­сий, салык жана диний эзүүсүно кар­шы чыккан эл көтөрүлүшүнүн жол башчысы.

  • Ынык Хасмонейлердин тукуму Мататинднн (б. з. ч. 166-ж. өл­гөн) үчүнчу баласы. Маккавей иуда жана анын атасы Селевкилер падышасы Антиох IV иудейлердин жагынан куугунтуктаганда б. з. ч. 167-ж. башталган көтөрүлүшкө башчылык кылган (Иуданын ылакап аты «Маккавей»,— «барскан» делиши мүмкүн.
  • Көтөрүлүш ушундан «Маккавей согушу» аталган). Анын армиясы б. з. ч. 167—162-жылдардагы салгылаштарда Селевкилердин күчтүү колдорун талкалаган. Селевкилер куугунтуктоону токтоткондон (б. з. ч. 162-ж.) кийин да куралдуу жана саясий күрөшүн улантып, б. з. ч. 161-ж. Рим республикасы менен союз түзгөн.
  • Маккавей иуда Элеас жанындагы салгылашта курман болуп, ал баштаган күрөштү анын бир туугандары Иудея саясий өз алдынчалыгын толук алгыча (б. з. ч. 142-ж.) улантышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.