Макленнан Гордон (12 май 1924, Глазго — 21 май 2011) — Британия коммунисттик жана жумушчу кыймылынын ишмери.

  • Жумушчу үй-бүлөдөн.
  • 1943-жылдан Улуу Британия коммунисттик партиясынын (УБКП) мүчөсү.
  • 1949-жылдан УБКПнин Глазгодогу уюмунун бөлүм башчысы жанa секретары.
  • 1957-жылдан УБКП Аткомунун жанa анын Саясий комитетинин (Саясий бюросунун) мүчөсү;
  • 1957— 65-ж. УБКПнин Шотландия округдук уюмунун жетекчиси.
  • 1965—75-ж. БКП Аткомунун уюштуруу маселелери боюнча секретары, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы.
  • 1975-ж. марттан УБКПнин ген. секретары. Британия коммунисттик жана жумушчу кыймылынын проблемаларына байланыштуу эмгектердин ав­тору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.