Бактыбек Максүтов

Максүтов, Бактыбек‎»‎ барагынан багытталды)

Бактыбек Максүтов (Бактыбек Максутов; 19.1.1947-ж. т., Кочкор району, Шамшы айылы) — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты (1990—95), жазуучу, драматург, публицист.

Максүтов Бактыбек

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Бактыбек Максүтов 1947-жылы 19-январда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Шамшы айылында туулган.

Атасы - Максүт Тенти уулу Быржыбай небереси (1919-1990) - кыргыздын сарыбагыш уруусунун черикчи уругунан (борколдой уругунун саты уулдарынан) болгон. Энеси Кусубалды Султаналы кызы (1923-2013) - кыргыздын сарыбагыш уруусунун жаныбек уругунан.

1953-60-жж. Шамшы айылында 7 классты бүтүргөн. Андан соң 1960-жылдан тартып Кочкор районунда эки мектептен окуду.

1961-64-жж. Бишкектеги № 5 орто мектептен таалим алып, орто билимге ээ болду.

1964-жылы КМУнун экономика факультетине кирген.

1969-ж. КМУнун экономика факультетин бүткөн.

1969—70-ж. Кочкор районунун "Ленин", "24-партсъезд", "Теңдик", "Октябрдын 60-жылдыгы" атындагы колхоз, совхоздорунда бухгалтер, башкы экономист, башкы бухгалтер, профкомдун төрагасы, Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы.

1990—95-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутат жана парламенттеги Экономика, каржы, бүжөт боюнча комиссиянын катчысы.

1995—96-ж. Контролдоо палатасында инспектор, 1997-2000-жж. Эсептөө палатасында аудитор болуп иштеди.

Учурда (2000-жылдан тартып) "Айкөл Манас баяны" коомдук фондунун төрагасы (бул фонддун "жайсаңчыларга эч тийешеси жок).

Чыгармачыл ишмердиги түзөтүү

"Согуш тактары" (1973), "Казыбектин арманы" (1993), "Айкөл Манас" (1995) аттуу китептери жарык көргөн.

1996-ж. "Казыбек казалчы" аттуу пьесасы Нарын музыкалык драма театрында коюлган.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Жубайы - Анархан Акматова (1949-жылы 22-декабрда туулган) менен 1970-жылы декабрда баш кошкон.

Балдары (эки кыз, эки уул): Айша (1971-ж. т.; педагогика ил. канд.), Азизбек (1975), Жамал (1977), Чыңгызбек (1978).

Неберелери бар.

Эмгектеринин тизмеси түзөтүү

Жалпысынан, 80ден ашык китептин,13 драманын, 4 киносценарийдин автору.

1996-ж. "Казыбек казалчы" аттуу пьесасы Нарын музыкалык драма театрында коюлган.

  • Согуш тактары (1973)
  • Казыбектин арманы (1993)
  • Айкөл Манас (1995)
  • Казыбек казалчы (1996)

Сыйлыктары. Наамдары. Даражалары. Мүчөлүгү түзөтүү

Кыргызстандын Улуттттук жазуучулар биримдигине мүчө (1993-жылдан). КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Ардактуу академик, профессор.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү