Мамакеев Мамбет Мамакеевич
Мамакеев Мамбет Мамакеевич (1927-ж. т., Ак- Суу району, Кереге-Таш айылы — 2024-ж. 24-ноябрь) — хирург; медицина илимдеринин доктору (1970), профессор (1972). Кыргызстан УИАнын академиги (1993; мүчөсү 1989). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1987).
Туулган жылы: | |
---|---|
Туулган жери: | |
Каза болгон жылы: |
24 -ноябрь 2024 (97 жаш) |
Каза болгон жери: | |
Илимий чөйрөсү: | |
Иштеген жери: | |
Илимий даражасы: |
Медицина илимдеринин доктору (1970), профессор (1972), академик (1993) |
Сыйлыктары |
1952-ж. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүткөн.
Мамакеев 120дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография) автору. Hегизги илимий эмгектери өттүн таш оорусун хирургиялык жол менен дарылоо, ошондой эле орулууларга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган. Анын «Катуу кармаган холециститти хирургиялык дарылоо», «Уйку безинин сезгениши» деген жана башка эмгектеринин мааниси чоң.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери (1973). Республикасылык хирургдар коомунун төрагасы (1980). 1975-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты. Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү.
Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери менен жана медалдар менен сыйланган.
Орус жана кыргыз тилиндеги эмгектери
түзөтүү- Ич көңдөйүндөгү органдардын хирургиялык катуу оорулары. — Фр.: 1964; 1967;
- Хирургические лечение острого холецистита. — Фр.: 1971; 1981;
- Билиодигестивные анастомозы. —1974;
- Воспаление поджелудочной железы. — Фр.: 1979;
- Закрытая травма живота. — Фр.: 1986;
- Неотложная помощь при травмах и острых хирургических заболеваниях. — Фр.: 1989;
- Открытая травма живота. — Б.: 1990.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.