Мамбеталы Ашымбай уулу (1897, Кыргызстандын азыркы Ак-Суу району, Кайырма-Арык айылы — 1969, ошол эле жер) — кыргызстандык манасчы.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Мамбеталы Ашымбай уулу 1897-жылы Көлдөгү азыркы Ак-Суу районуна караштуу Кайырма-Арык айылында туулган. Кыргыздын бугу уруусунан.

М. бала кезинен жомокторду, элдик санжыраларды , уламыштарды берилип уга турган.
Айылдагы жаштардын көңүл ачкан «Кыз оюну», «Селкинчек» өңдүү оюн-зооктордон калчу эмес. Өзү да ыр чыгарып, оюн-тамаша куруп, жаштардын арасында жамактатып ырдап жүрөт. Бара-бара ал өз айлында ырчы аталып кетет.
М. жаш кезинен «Манаска» абдан кызыккан. 16 —17 жаш чамаларында Көл башындагы жомокчу Чоюке айлына келип, кыштап «Манас» айтат. Анын айтуусунда эпосту бир канча жолу угуп, чыгарманын негизги окуяларын, белгилүү сюжеттик мотивдерди, поэтикалык жалпы орундарды үйрөнүп, таалим алат. Мына ошондон тартып М. «Манас», «Семетей» бөлүмдөрүнөн үйрөнгөн эпизоддорун эл алдында айта баштайт. Улам башка чоң манасчыларга жолугуп, билгенин толуктап, өркүндөтүп турган. М. жашаган айылга кошуна айылда чоң жомокчу Назар жашап өткөн. Анын уулу Жүгөрү да «Манас» үчилтигин толук айткан жомокчу болгон. М. Жүгөрү менен көпкө бир жүрүп, анын айткан «Манасын» угуп, өзүнүн билгендерин толуктаган.
Мындан башка М. Улуу-Тоолук (Тянь-Шандык) манасчы Шапак Рысменде уулунун да «Манас» айтканын бир нече жолу угуп, айта билүүнүн чеберчилигин үйрөнгөн.
Бардык манасчылар сыяктуу эле М. да өзүндөгү айтуучулук шыктын жаралышын кандайдыр бир сырткары күчтүн колдоосу, башкача айтканда түш көрүү салты менен байланыштырат. М. коллективдештирүү мезгилинде жер коом шериктигине жана алгачкы артелге өзү баштап кирген.
Колхоздо иштеп жүргөндө, айылдык шайырлар менен бирге эмгек талаасында колхозчуларга эс алуу учурунда «Манас» айтып көңүл ачкан.
Кийин Караколдогу өздүк көркөм чыгармачылык ийримине катышып, райондун аймагын кыдырып, элге «Манас» айтат.
1939-ж. Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына катышат. Ал ошол жылдан тартып Ысык-Көл облусунун драма театрында артист болуп 1944-жылга чейин иштейт.
Ден соолугуна байланыштуу ал артистикти таштап, өз айлында жашап, өмүрүнүн акырына чейин эпосту дайыма чыгармачылык менен өнүктүрүп айтып келген.

Чыгармачылыгы. Магасчылык өнөрү түзөтүү

М. манасчыдан «Манасты» жазып алуу иши алтымышынчы (1962, 1967) жылдары башталган. Эпостун «Манас» бөлүмүнөн: Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы, Алмамбеттин аңгемеси, Коңурбайдын чабуулу (Чоң казат), Манастын өлүмү деген эпизоддор жазылып алынган (Кол жазмалар фондусу, 231 — 234-инв.). Аталган эпизоддордун мазмуну төмөнкүчө баяндалат: Эпостун бардык варианттарында айтылган туруктуу салттык чоң эпизоддун бири «Манастын Каныкейге үйлөнүшү» эпизоду М-нын вариантынан да орун алган. Эпизоддо Манастын Каныкейге үйлөнүшү жана Манастын кыз Сайкал менен беттешкени деген белгилүү эки сюжет бириктирилип берилген. Манастын Каныкейди алышы белгилүү сюжеттердин бири катары кыска түрдө баяндалат. Окуянын башталышында эле Чубак жөнүндөгү баян кыска берилет. Эрдигине чиренген Чубак баатыр Каракандын шаарына барып, Каныкей менен жекеме-жеке сайышып жеңише албайт. Эңишке түшүп Чубак алдырып коё турган болгондо качып жөнөйт. Артынан кууп келаткан Каныкей, ууда жүргөн Манас менен Бакайды көрүп сынайт: «Ичи көлдөн кең экен, Телегейи тең экен, Шай колдогон эр экен» (Кол жазмалар фондусу, 231инв., З-б.), — деп Манас купулуна толот. Каныкей кайра тартат.
Манас намазын окуп болуп, Кара-Зоонун түбүнөн балта жутар көк жору тууп кеткен күчүк таап алат. Аны бага турган ылайыктуу ургаачы жалгыз Каныкей болгондуктан, ага күчүктү багып берсин деп Кыргылчалдан берип жиберет. Кийинки жылы Манас күйөөлөп барганда, көп азап менен багып чоңойткон күчүк Суртайган болуп, кыздар оюн куруп жатканда коломтодогу сөксөөлдүн чогуна куйругун чаап алат. Колуктусун алганы келген Манас баатыр Кумайыктын куйругунун учу күйүп калганын көрүп «Күчүктү жакшы бакпаптыр Кызыңда албаймын», — (Кол жазмалар фондусу, 231 -инв., 5-б.) деп айтып каарданат. Баатырдын күйөөлөп барышы, колуктусунун болочокку кайнатасынын оор тапшырмаларын аткарышы жана кыз-күйөөнүн ортосундагы чатак жөнүндөгү көрүнүштөр жөө жомоктук, эпикалык «даяр» сюжеттерден.
Бул сюжеттердин теги баатырдык үйлөнүү темасы менен байланышып, улам кийинки доорлорго ылайык өзгөрүүгө дуушар болгон. Башка элдердин эпосторунун эпикалык баатырлары сыяктуу эле Манас да бир нече аял алгандыгы жөнүндө өзүнчө поэтикалык окуялар баяндалат. Эпостун негизги варианттарында Манас калмак каны Кайыпдаң кызы Карабөрккө, Ооган каны Шооруктун кызы Акылайга үйлөнгөндүгү жөнүндөгү эпизоддор салттык түрдө айтылат Бирок бул экөө баатырдын чыныгы аялдары эмес. Манаска багышталган, «маңдайына жазылган» аял башка. Ал — Каныкей. Өзүнө жакын Саякбай Карала уулунун варианты сыяктуу эле Мененын айтуусунда да Манас Каныкейди албай кетип калат «Алты жыл салбар кылганда, албаймын деп калганда» Бакайдын арага түшүшү менен окуя аяктайт. Ага улай Шооруктун кызы Акылай төрөбөй койду, нойгуттун каны Карачанын кызы Сайкалды аялдыкка аламын деп Манас оолугуп, Бакай, Чубак жана Сыргак, Серек эгиз эрди ээрчитип кыз Сайкалга аттанат.

Мыкты болсо Манасың

Бир сайыш менен чабышта

Тие турган мен эмес

Ала койчу ал эмес (Кол жазмалар фондусу, 231-инв., 6-б.),— деп Сайкал жекеме-жеке беттешүүдө Бакай менен Чубакты жеңет.
Эр сайышта эки чыгаан баатырын ат үстүнөн сайып түшүргөн кыз Сайкалга каршы Манас өзү чыгат. Экөөнүн беттешүүсү намыс талашуу, өз беделин коргоо мүнөзүндө болот да, Манастын ээрден арты кылтайып, үзөнгүдөн бут тайып, атынан оой баштаганын көргөн Алмамбет баатыр туурадан кирип, ортого жетип, Манасты куткарып калат Кайра бир беттешүүдө жеңилген Сайкал «О дүйнөлүк» жар болууга убадасын берет. «Манас» эпосунун варианттарынын көбүндө бул сюжет өз алдынча вариациялары менен кездешет.

Кыргыз элиндеги адамдын дүйнөдөн кайтышына жана аны жерге коюуга байланышкан салттык расмилер М-дан жазылып алынган Көкөтөйдүн ашында кеңири сүрөттөлөт. Поэтикалык жактан күчтүү сүрөттөлгөн окуянын киришүү бөлүмүндө Көкөтөйдүн образы жагымдуу сүрөттөлөт. Көкөтөй көп жашаган, көптү көргөн, жыргалчылыкты жана кыйынчылыкты эл менен бирге тарткан акылман карыя катарында көрсөтүлөт. Карыганча балалуу болбой жүргөн Көкөтөй бай жоголгон кызыл нарын издеп жүрүп үйдөй болгон кызыл таштын түбүндө чөгүп жаткан нарынын оң өркөчүнүн түбүнөн ымыркай бала таап алат.
Ал жөнүндө эпосто:

Билгендери айтчу эле

Нурдан бүткөн бала деп,

Билбегендер айтчу эле

Айсалкын өзү тууп алды деп (Кол жазмалар фондусу, 231инв., 19-б.) — чоң той берип, баланын аты Бокмурун коюлат.
Эселек уулу эр жетип, он экиге толгондо Көкөтөй ооруп, өлөр алдында мурасчысы Бокмурунга керээзин айтат: Мекедеги Акешенди, Кошойду чакыр, зыйнатыма турсун. Энеңдин тилин ал, Кошой менен энеңдин айтканына макул бол деп, Көкөтөй көз жумат. Анын жылдык чоң ашын берүү үчүн Бокмурун Ташкенден Каркырага көчүп, ашка ар түрдүү элди чакырат. Ашка келген кытай-калмак улуктарынын ичинен Нескара каапыр менен мусулмандын алптарын сынашы, Манастын жоктугунан пайдаланып Мааникер тулпарды тартууга бер деп Бокмурунга кыр көрсөтүп опузалашы, эси чыккан Бокмурундун ашты башкарган Кошой олуяга келип акылдашканы, Кошойдун кеңеши боюнча Таластан Манас ашка чакыртылып келиши, Мааникерди душман тарапка бердирбей коюшу Саякбай Каралаевдин варианты на жакын планда сүрөттөлөт. Айырмачылыгы «Манасыңды чакыртпайм, Манасың качан киши эле Манасың жок аш берем» (Кол жазмалар фондусу, 231 инв., 17-б.),— деп Бокмурун Кошойдун айтканына көнбөй, энеси Айсалкындын кийлигишүүсү аркылуу макул болгонунан көрүнөт. Манаска мындай кекирейүүгө Бокмурундун байдын дөөлөт мас баласы болушу түрткү болот.

Аштын аземи башталат. Баатырлык кара күч, эрдик, аткычтык, айлакердиктерин сынашууга эпостун негизги каармандары — кыргыздар тарабынан Манастын өзү, анын атактуу чоролору — Кошой, Алмамбет, Бакай, Чубак, Сыргак жана башкалар катышса, экинчи тараптан алар менен эрегишип жүргөн эзелки баатыр жоолор — Коңурбай, Жолой, Нескаралар жана башкалар чыгат. Жар чакырылып, байгеси жарыяланып, чабыла турган аттар айдалат. Аттар келгиче, эл зерикпесин деп мелдештин башка түрлөрү ирети менен жарыяланат. Эр сайышка Коңурбай чыгат. Аккуланы ат чабышка кошуп жиберген Манас сайышка минип чыгууга ылайыктуу ат издеп турганда Айсарала ат минген, сары рапыс тон кийген Алмамбет баатыр келип, баштатан кеги бар ал Коңурбайга каршы сайышка чыгууга суранат. Манас баатыр: «Алакандай буруттан Адам чыкпай калды деп, Бизден кеткен качкын кул Алмамбетти салды деп Күбүр кылып калбайбы» (Кол жазмалар фондусу, 231 инв., 10-б.),— деп намыстанып Калкамандын Кара атын минип, Сарала тулпарды бош коштоп чыгып, сайышка түшөт. Нескара менен Кошой алп баатырларга калыс болуп турушат. Манас Коңурбайды аттан түшүрө сайып өлтүрөрдө «кыргыздын колу аз» деп Кошой токтотот. Балбан күрөшкө чыккан Жолой дөөгө каршы барууга кыргыз, аларга канаатташ, максатташ жашаган казак, өзбек жана башкалар ашка келген түрк элдеринин белгилүү баатыр, балбандар баш тартканда, Манастын өтүнүчү боюнча Кошой алп өзү чыкмак болот. Кийүүгө ылайыктуу кандагай, Каныкей атайылап даярдаган шымды кийген Кошой «эркек балалуу бол!» — деп бата берет. Кошой бата бергенде аны менен кошо ал жерде чогулган мусулмандарга кошулуп каапырлар да бата кылат (Семетей ошол батадан бүткөн бала делет). Узакка созулган күрөштө Жолойду жыгып, Кошой намыс алат. Экинчи жолку күрөштө кытайлардын түктүү таман Түкүбай балбанын чыканактай эр Агыш ташка чаап өлтүрөт. Төө чечмейге каңгайлардын Ороңгусу чыгып тиешелүү байгени алды. Жамбы атууда каапыр менен мусулмандын ичинен эч кими ата албай койгондо Сыргак атып түшүрүп согуш өнөрүнө маштыгын көрсөтөт. Улак тартыштын байгесин эки тарап бөлүп алат. Чоң байге сайылган тулпарлар жарышында Манастын Аккуласы менен Жолойдун Суркуласы тең келе жатканда Алмамбет баатыр Аккуланы сүрөөнгө алып, ал чыгып келет. Өзүлөрү катышкан салттык мелдештерде жеңилип, байгенин көбүн алдырып ыза болгон Коңурбай, Жолой баш болгон калмак, манжулар «Суркула чыгар мезгилде кылганын эми көрдүңбү» деп көптүгүнө салып байгени талап киришет. Үтүрөңдөп тил кайырган Жолойду Манас булдурсун менен төбөгө тартып жибергенде, жаагы айрылып кеткенин көргөн Коңурбай жана башкалар калмак, манжуулуктары ичине кек сактап кетишет.

Негизги варианттын бири эсептелген Саякбай Каралаевдин вариантында Алмамбеттин окуясы чоң казатка аттанган жолдогу «Тал-Чокуда» анын өз сөзү аркылуу кеңири айтылса, Мамбеталы Ашымбай уулунун вариантында Көкөтөйдүн ашына улай Алмамбеттин аңгемеси өзүнүн монологу аркылуу кыска түрдө баяндалат. Алмамбеттин өмүр таржымалы анын Бээжинден качып чыгып Көкчөгө келгенге чейинки окуялары Саякбай Каралаевдин варианты на окшош мотивде берилет. Анткени Ысык-Көл мектебинин өкүлдөрү болгон эки манасчы эпостогу салттык туруктуу чоң эпизод — Алмамбеттин баянынын бирдей мазмундагы негизин өзгөртпөстөн, өздөрүнүн айтуучулук чеберчилигине жараша поэтикалык салымын кошконун, кемиткенин байкоого болот. Саякбай Каралаевдин вариантында Алмамбеттин Көкчөгө келип турушу, андан кетишинин себеби, Манаска кандайча, кимдин кеңеши боюнча келгени деталдаштырылып сүрөттөлсө, Мамбеталы Ашымбай уулунун вариантында бул мотивдер эскерилбейт да, окуянын кийинки сюжеттик жүйөлөнүшүндө өзүнчө өзгөчөлүктөрү менен башкача аспекте мотивделген айырмачылык бар.
Маселен:

Алтайдын канын өлтүрүп

Шаңгай кирди деп уктум,

Шаңгайдын канын өлтүрүп

Каңгай кирди деп уктум,

Сары-Аркада Көкчөгө

Келгениң алты жыл болду деп уктум.

Карадан туулуп, ак болуп,

Калмактан качып жат болуп

Көрбөсөк да билбесек

Алтын айдар, чак белбоо

Кол алышып коёлу

О, Алмамбет аманбы? (Кол жазмалар фондусу, 231-инв., 9-б.),— деп Манас өзүнө тете Алмамбет баатыр менен табышып таанышканы күбө.
Ал эми Алмамбет өзүнүн кытайдан биротоло кетишинин себептерин уккан Каныкей менен Бакайдын өтүнүчү боюнча аларды Манаска айтпас үчүн ант кылышы жана Манастын таарынычынан улам Бээжиндин укмуштай чеп экени, душман чек арасын кайтарган сакчылардын бар экени негизинен Саякбай Каралаевдин варианты на жакын айтылат.

Манас, Манас болуп Таласта турганда кырк чоро кезектешип, кароолго жарым айдан барчу экен. Чубакка кезек келип, жер чалып чыгып Коңурбайдын көп кол менен келе жатканын көрөт. Калмактардын чалгынчыларынан экөөнү өлтүрүп, аттарын бош коштоп айылга келет. Чубактын эл арасында эрдиги менен кадыр-баркка ээ болушуна Манастын чоролорунун ичтери күйөт. Чоролор Манас өзү кадырлаган Чубакты эч себепсиз жөн эле кетирип жибербесин билишет. Ошондуктан «Манасты Чубак билди деп, Каныкей менен ойнош деп Ынандырып алалык» (Кол жазмалар фондусу, 232-инв., 61-б.) деген бүтүмгө токтошуп турганда Каныкейдикине Чубак келип кымыздан тартылган арак ичип кызып калган учурда Манас келет. Ушундай ыңгайлуу абалдан пайдаланып Кыргылчал Манаска Чубакты жамандап ортолоруна чагым салат. Ала көөдөң Манас ак, караны аныктабай туруп эле Чубакты жектейт. Манастын мындай мамилеси чоролоруна да таасирин тийгизет, аларга жага бербей калат Чоролорго сабатып, ызаланткан Манаска таарынып Чубак көчүп кетет. Манас Каныкейди салбар кылып таштап, Акылайга барат.

Чубактын тарынып кетиши, Манастын Чубак менен Каныкей көңүлү жакын деп күнөм санашы Саякбай Карала уулу менен Багыш Сазан уулунун варианттарына жакын берилет. Бирок М-нын вариантында бир аз айырма бар. Анын айтуусу боюнча Чубак Коңурбайга кат жазат. Манас ооруп, төшөктө жатат, Алмамбет улак тартышып жүрүп колун кокустатып алды деген каттагы маалыматтан улам, Коңурбай көп кол менен Манаска каршы аттанып келип Таласты камайт. Баскынчы Коңурбай Манастан Аккула, Аколпок жана Каныкейди тартууга берүүнү талап кылат Кыргыздар амалдуу акыл ойлошуп: «Урушту жети күнгө токтото туралы, кеңешели, эл макул болсо сенин тартууңду берели» — деген жообун берет. Согушту токтотууга Коңурбай макул болот. Бакай Каныкейди Чубакка жиберет. Эпосто Чубакты ээрчип Манастын куту, башкача айтканда колдоочулары кошо кеткендей сүрөттөлөт. Бирок Каныкей бараары менен Манастын колдоочулары ээсинин курчоодо калганын сезип, «Манас бир өлмөктөн үч өлсүн деп кекээрдеп турган Чубакты таштап жөнөшөт:

Манасты колдогон кырк чилтен

Кайра тартып калыптыр.

Адырдан чыгып ак кулжа

А да кетип баратат,

Кара чаар арстан

Тилин салып акактап

Капталдап ал да кетип баратат,

Боору кара, сырты көк

Боз ала туйгун ителги

Кайра учуп баратат (Кол жазмалар фондусу, 232-инв., 76-б.).

Каныкейден чочулаган Чубак Таласка келип, душмандарга каршы жеке салгылашат. Мындан кийинки эки тараптын негизги баатырлары катышкан жалпы уруш сүрөттөлөт. Беш-Таштын башы жайлоодон аскери менен Алмамбет келет. Салгылашта колго түшкөн Манастын карындашы Карлыгачты куткарат. Баскынчы душмандар чегинип, качат.

Манасчы М-дан «Манас» эпосунун согуштук эпизоддорунун эң негизгиси болгон «Чоң казат» эпизоду жазылып алына баштаган. Бирок, эпостун соңку окуялары Мамбеталы Ашымбай уулунун вариантында кеңири планда деталдаштырылып берилбестен, сомологон түрдө жондотуп айтылган мүнөздө: Манас баатырдын амалдуу Коңурбайдан жарадар болушу, чоролордун жана Аккуланын окко учушу, согуш бүтүп, Манас жерине кайтып келип курман болгон баатырларды катуу кайгырып угузуп, кан кусканы, оорусу күчөп, оңолбосун сезип, Кошой, Айкожо, Сайкал, Көкбөрүгө кабар бер деп керээз айтышы, Каныкей Тайбуурулду мингизип Ажыбайды кабарга жибериши, чакырылган адамдар менен коштошуп Манастын көз жумушу, Каныкей Эчкилинин Кара-Зоого күмбөз салдырып сөөгүн коюшу Саякбай Каралаевдин вариантына жакын баяндалат.

Жомоктун биринчи бөлүгүнө караганда анын экинчи бөлүгү — «Семетей» эпосунун сюжеттик системасы жыйынтыктуураак, тыканыраак болуп, бири-бирине уланып, тыгыз байланышкан түрдө баяндалат. Эпостун сюжетин андагы окуялардын мүнөзүнө жана сюжеттик сызыктын багытына ылайык бир нече топко бөлүүгө болот: 1) жетим калган Семетейди өлүмдөн сактоо үчүн Букарга алып качуу, 2) Семетейдин балалык чагынын Букарда өтүшү жана өз атасын, эли-жерин билиши, 3) Семетейдин Таласка келиши, 4) өз туугандары менен талаш-тартыштары жана кагылыштары, 5) Айчүрөктүн учушу жана ага Семетейдин үйлөнүшү, 6) Семетейдин Коңурбай менен согушу, 7) Семетейдин өлүшү сыяктуу элге кеңири белгилүү окуялар толук сакталган. «Семетей» варианттарына таандык салт боюнча мында да болочокку баатырдын жаш кезиндеги өмүрү толгон коркунучтарга дуушар болот: акылман Каныкей балтыр бешик Семетейди корголотуп Абыке, Көбөштөрдөн алып качат. Букарга бара жаткан жолдо кыйынчылыктарга учурашат. Азыгы жок ач болуп, шайы кеткен «качкындар» дөбөгө суй жыгылып жатканда көктө учуп жүргөн жору түшүрүп жиберген өпкөнү Каныкей Семетейге бышырып жедирет жана ак марал эмчегин эмизет. Ал маралдын сүтү жеке эле Семетейди тойгузбастан, анын энеси менен чоң энесине да азык болуп күч-кубат берет. Бул эпизоддо болочок баатырдын башына кыйынчылык келгенде «колдоо көрсөтүп, жардам берген маралдын элеси аркылуу элдин байыркы тотемдик түшүнүгүнүн калдыгы берилген. Качкындарды издеп тапкан армандуу Бакай олжого түшкөн Бозжоргону Чыйырды, Тайбуурулду Каныкей минип, жол азык алышып, Үрбүс деген дайрадан өтүп Букарга жакындашат. Ит агытып, куш салып сейилдеп чыккан Ысмайылга жолугушат. Бакай Букарга келишинин себебин түшүндүрөт. Баш калкалап качырып келген Семетейдин тагдыры, келечеги үчүн кам көрүп, аны Ысмайылга тапшырып, он экиге толгондо өзүмө көрсөткүн деп Бакай аманат сөзүн айтып кайра Таласка кайтат. Семетей эр жеткенде Букардан Таласка көчүп келет.

Семетейдин балалык чагы таятасыныкында өтөт. Семетей сыяктуу атасынан эрте жетим калган бала таятасыныкында тарбиялануу, атасынын кимдигин кийин башка бирөөдөн угуп келип, энесинен кыстап суроо жана акыры чындыкты билип, эли-жерин издеп чыгуу көптөгөн элдердин эпосторунда, жөө жомокторунда салттык мотивдерден. Ошондой эле эпостук салт боюнча болочокку баатыр бала күнүндө өтө тентек болуп өсүшү да эпосто атайын белгиленип көрсөтүлгөн. Он экиге толгондо:

Баланы карап олтурсаң

Кадимки өткөн Манастай ,

Айдыңы бар Таластай,

Ага арбак конгон Манастай (Кол жазмалар фондусу, 233инв., 121-б.) болгон Семетейдин тентектигин койдуруу үчүн таятасы аны өз ордуна кан шайлайт.
Ушул тойдогу Каныкейдин Тайторуну чапканы болочокку баатырдын тагдырын сыноонун дагы бир түрү жана төлгөгө чабылган ал ат чыгып келгендиги аркылуу жеке эле Семетейдин өзгөчө баатыр болору алдын ала эскертилбестен, анын балалык доорунун бүтүшүнүн да далили. Бул эпизод аркылуу баатыр өсүп эр жетти, күчкө толду, өз эл-жерин табууга убакыт жетти деген түшүнүк берилет.

Мамбеталы Ашымбай уулунун вариантында да жетим өскөн Семетейге ата-тегинин жайын айткан Сарытаз ага жөн-жай кабарлабайт, баланын намысына тийип, баатырдык сезимин козгоп сүйлөйт. Сарытаздын сөзү аркылуу эркек бала сөзсүз атасынын өчүн алуусу керек, атасынын уруусунан башка урууда, жерде жүргөн бала кимдигине, жеке сапатына карабастан кул, энесинин уруусу балага таята, таяке катары эсептелет деген эпос чагылдырган доордун түшүнүк идеалдарынын негизинде берилген.

Энесинен өзүнүн чыныгы тек жайынын ким экендигин аныктап билгенден кийин Семетей элин издеп жөнөйт. Бул сюжет «Каныкейдин жомогу» эпизодунда берилет. Болочокку баатырдын өз жерине, тууган элине келиши да толгон жышаандар менен байланышкан. Семетейди эл карысы Бакай баш болуп, Манастын Суртайган, Акшумкар, Желмаянына чейин зор кубаныч менен тосушат. Бул зооморфтук образдар аркылуу Манастын ордун баса турган, ага тете эл башчы баатыры келди, элдин самаганы орундалды, күткөн тилегине жетти деген ой берилген. Атасынын ордун басуудагы Семетейдин укугун анын туугандары турмак душмандары да тана алышпайт.

Семетей баатырдын өз туугандары — чоң ата менен неберенин, ага менен ининин ортосунда болгон талаш-тартышы кеңири сүрөттөлөт. Тууган жеринде Жакып баш болгон өз туугандары анын атасынан калган курал-жарактарды берүүдөн баш тартышып ар түрдүү кастыктар иштешет. Чоң атасы Жакып бозого уу кошуп берип небересин өлтүрмөк болот. Ички душмандык иштерди Семетейдин аталаш туугандары Абыке, Көбөштөрдөн да көрөт. Алар бийликке зордук менен жеткендиктен андан ажырагысы келишпейт, элдин ыркын бузуп, Семетейдин күч-кубатын кетирүү максатында Манастан калган чоролорду баатырга каршы тукурушат. Чынында Семетейдин баатыр катарындагы биринчи кадамы да сырттан келген душмандарга эмес, өз туугандарына каршы күрөшүүдөн башталат. Семетей туугандарына каршы күрөштү Көбөштөн баштайт, аны жана чыккынчылык кылган кырк чорону жайлайт. Ошон үчүн Жакып менен Абыке, Көбөштөрдүн Семетейден жазаланышы элдик көз караш, түшүнүккө туура келип, адилеттиктин жеңиши катарында кубатталат.

Эпосто Семетей эки жолу үйлөнгөн болуп сүрөттөлөт. Анын биринчи аялы — Чачыкей. Ага үйлөнүү кыргыз элинде эскиден бери келе жаткан белгилүү салтка байланыштуу түшүндүрүлөт. Саякбай Каралаевдин вариантында Чачыкейди Семетейге Темиркан таятасы алып берсе, Мамбеталы Ашымбай уулунун вариантында Темиркандын иниси Шаатемирге Бакай куда түшүп кызы Чачыкейге Семетейди үйлөндүрөт. Бирок Чачыкей баатырга ылайыктуу жар эмес. Эпостук байыркы салттын таламдарына ылайык Семетейдин өзү үчүн жаралган, маңдайына жазылган өмүрлүк жары бар. Ал — Айчүрөк. «Семетейдеги» андан кийинки окуя жомоктук-фантастикалык элементтер менен шөкөттөлгөн лирикалык-романтикалык мүнөзгө ээ баатырдык үйлөнүү тематикасына байланышкан.

Семетей менен Айчүрөк өзүлөрү төрөлө электе аталары Манас менен Акункан бел куда болушкан. Бул эпостогу эң байыркы көрүнүшкө ылайык Манас уулдуу, Акункан кыздуу болуп, Көкөтөйдүн ашында батадан бүткөн баланын аты Семетей, кыздын аты Айчүрөк коюлат. Кудалашып койгон Айчүрөктү күч менен тартып алмакчы болуп, Манастын кыйыр тууганы Чынкожо жана жедигер элинин баатыры Толтой биргелешип кол курап келип, кыздын атасы Акункандын шаарын камайт. Кысымчылыкта турган элин куткаруу үчүн Айчүрөк болочокку жары Семетейди издеп, аккуу кебин кийип учуп жөнөйт. Нечен сонун жерлерди, ар түрдүү элдердин нечен алп баатырларын көрүп, аларды сынайт, бирок Таласка эч бир жер, Семетейге эч бир алп-баатыр тең келбейт. Айчүрөктүн учуп жүрүп ар кайсы баатырларды сындап өтүшү, Чачыкей менен жолугушу, акыры Семетей экөөнүн ортосундагы жакындык сезимдин берилиши эпоско лирикалык мүнөз берип турат. Семетейди ээрчитүү максатын көздөп, куш салып сейилдеп жүргөн кезинде анын шумкарын алып качат. Шумкардын жоголушунун дайынын билген Семетей эки чоросун алып, Айчүрөк менен таанышып, эли Чынкожо, Толтой тарабынан чабылганы жаткан Акункандын калаасына келип, Айчүрөктүн элин коргоо үчүн урушка кирет. Семетей, Күлчоро, Канчоронун эрдиги, айлакерлиги кең түрдө берилген согуштук сүрөттөр менен көрсөтүлөт. Ээликкен душман жеңилет, Семетей Айчүрөккө үйлөнүп, той-тамаша өткөрүлөт. Семетейдин Чынкожо, Толтойду жеңип, Айчүрөккө үйлөнүшү башка варианттарга көп жагынан жакын, үндөш окуя катары сүрөттөлөт.

Семетей элине келгенден кийин ынтымагы ыдырап, урууларга бөлүнгөн элдин башын кошуп, тынч турмушту калыбына келтирет да, атасы Манастын ала албай кеткен өчүн, кегин кууп алуу жөнүндө кыялданат. Бакай менен кеңешип, Коңурбайга каршы аттанат. Жоо жерине бараткандагы жүрүш, жол, чалгын, кароолчу жандыктар жана уруш көрүнүштөрү эпостун биринчи бөлүгүнө бир топ окшоштугуна карабастан, өзүнчө стиль, ык менен кызык сүрөттөлөт. Бул урушта Семетей жарадар болот, денесине токтоп калган окту Айчүрөк аял затынан артыкча сапаты, касиеттүүлүгү аркылуу түшүрүп, айыктырат. Коңурбай келгендерден ок жаңылган Семетейди бирде өлдү деген кеп укса, бирде жок өлө элек деген ушак-айың кеп угуп, аны чаап алмакчы болуп тымызын келип Таласты камайт. Согушта колго түшкөн Коңурбай кутулбасын билип, Семетейди алдап достошуп бир жолу ажалдан аман калат Ага алдатканына Семетей өзү да, Бакай, Күлчоро да абдан кейийт. Бирок кийинки жолку бүт эл катышкан урушта эзелки каардуу жоо Коңурбай Күлчоро тарабынан башы кыя чабылып, ажал табат.

Кыргыз элине тынчтык бербеген Коңурбай баш болгон сырткы баскынчы жоолор жеңилип, эл бир азга тынчыйт. Ал эми мурунку окуяларда, күндөлүк турмушта өзүнүн арамзалыгын, кыйдылыгын, мансапкорлугун, дүнүйөкорлугун билгизбей тымызын жүргөн эки жүздүү Канчоро эми сырын сыртына чыгара баштайт. Ал эр Толтойдун баласы Кыяс менен байланышып, Семетейди өлтүрүүнүн тымызын планын түзөт. Бул план боюнча Манастын доорундагы Чоң казатта окко учкан атасы Көкчөнүн кунун кууп келип Семетейден каза тапкан Үмөтөйдүн (Каныкейдин сиңдиси Акеркечтин баласы, Семетейдин бөлөсү), кунуна Тайбуурул тулпарды тартууга бердирет. Тулпардан айрылган Семетей атасы Манастын күмбөзүнө сыйынууга барганда, ошол жерде Кыястын жашырынып жаткан көп колу чабуул коюп, Канчоронун катышуусу менен Семетей катуу жарадар болуп өлөт. Семетейге чын дили менен адал кызмат кылган Күлчоро өлгөн Семетейдин денесин кайыпчынын кара үңкүргө алып барып катат. Урушта колго түшкөн Күлчоронун далысынын кечирин кестирип Кыяс жылкычыларына кул кылат.

«Семетей» эпосунун идеялык мазмуну тууган жерди, элди сырткы баскынчы жоолордон гана эмес, эл ичинен чыккан ички чыккынчы, мансапкор, дүйнө-кор арамзалардан сактоого арналган жана эркиндик, сүйүү темасына да чоң маани берилген.

Эпостун үчүнчү бөлүгү «Сейтек» поэмасындагы окуялар экинчи бөлүктүн уландысы, андан ары өнүктүрүлүшү катарында баяндалат. Бөлүмдүн окуяларын мүнөзү жактан эки топко бөлүүгө болот: элдик кайгыны, оор азапты баяндаган бөлүм. Буга Семетейдин өлүмүнөн тартып, Сейтек эр жеткенге чейинки окуяларды бүт киргизүүгө болот. Кыянатчыл оюн ишке ашырган Кыяс боюнда үч айлык бала менен жесир калган Айчүрөктү , оң далысы кесилген Күлчорону туткунга алып кетет. Чыккынчы Канчоро Чачыкейге үйлөнүп, бийликти колуна алып, оюна келген өкүмүн чыгарып, элди кыйнап эзген бийлик ээси болуп калат.

Кыяс олжолоп алып кеткен Айчүрөктү болбогонуна карабастан, өзүнө нике кыйдырат, Күлчорону отунчу кулга айландырат. Сейтек төрөлгөндө Кыяс аны өлтүрмөкчү болот, бирок Айчүрөктүн эрдигинен жана кереметтүүлүгүнөн коркуп оюн ишке ашыра албайт. Өгөй атанын колунда тарбияланган Сейтек өзүнүн чыныгы ата-теги, тууган эли, атасынын достору жана душмандары жөнүндө чындыкты Күлчородон угат. Бул бөлүмдө далысынын кечири кесилип, отунчу кулга айланган Күлчоронун муңу, Каныкейдин зары, Айчүрөктүн арманы сыяктуу таасирдүү эпизоддор сүрөттөлөт. Баатыр өскөн жаш бала биринчи кезекте атасынын кеңешчиси Күлчорону кулдуктан куткарат. Чоң атасы Манастын досу Кызылсарт табыптан айыккан Күлчоро кадимкидей баатырдык күчкө толуп, Сейтекке кошулуп Кыясты өлтүрүп, Таласка келет. Торпок кайтарган аянычтуу абалдагы чоң энеси Каныкейге жолугат.

Каардуу Канчоро кандын эзүүсүндө жаткан эл көптөн эңсеп күткөн баатырлары келгенде, аларга бүт көтөрүлүп жардам берип, Канчоронун кандуу бийлигинен кутулуп, Сейтекти башчы кылып, тынчтык турмушка жетишет. М-нын айтуусунда да сырткы жоолордон кем түшпөгөн ички душмандар менен күрөшүүдө бүт элдин, эл сүйгөн баатырлардын көргөн кордугу, тагдырынын трагедиясы ишенимдүү реалдуу түрдө сүрөттөлгөн. Ошондой эле Коңурбайдын уулу Музкөөкөр жана Бозкертикти жеңип, сырткы баскынчы эң акыркы жоолорду талкалап, элдин эзүүсү жок эркиндик заманга жетүүсү менен эпостун «Сейтек» бөлүгү аяктайт.

Манасчы М-нын айтуусундагы үчилтиктин ар бир бөлүмү Саякбай Каралаевдин варианты на көп жагынан жакын. Бирок айрым сюжеттик жүйөлүштөрү өзүнчө өзгөчөлөнүп айтылгандык да учурайт. Ал Алмамбет баатырдын кырк чоро күтүп, кытайдан качып чыкканда артынан кууп келген Коңурбайдын колу менен урушта чоролордун кыргын болушу өңдүү айырмачылыктан көрүнөт. Ошондой эле Алмамбеттин Манаска келиши Көкөтөйдүн ашында айтылат Мындай өзгөчөлүктөрдү үчилтиктеги каармандардын орун алышынан, көркөмдүк жагынан да учуратууга болот.



Колдонулган адабият түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Ички шилтемелер түзөтүү