Мамбетбаев Султан (10.5.1932-ж. т., Нарын району, Эчки-Башы айылы) — обончу-композитор, акын, комузчу жана педагог.
1967-ж. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын композитордук бөлүмүн бүткөн.
1953—58-ж. Нарын шаардык жана райондук маданият үйлөрүндө массовик, көркөм жетекчи.
1958-62-ж. Нарын музыкалык драма театрында артист, 1967—96-ж. Нарындагы Токтогул атындагы мектепте жана Нарын педагогикалык окуу жайында музыка мугалими.
Тогуз жашынан комуз черте баштаган, 1946-ж. (6-класста окуп жатып) «Колхозчу жеңеме» аттуу ырдын сөзүн жазган. 14 жашында республикалык тунгуч Олимпиядага катышкан.
1952-жылдан ар кыл темадагы 300дөн ашуун обон жараткан.
Элге кеңири белгилүү обондору: «Бат эле келсен болбойбу», «Кайыкта», «Нарыным», «Музыка», «Эмгек кызына», «Жайлоо», «Кыргыз элиме», «Ала-Тоо көрүү», «Кыргыз эл» жана башка.
Ал «Нарын толкуну», «Кыз кыял», «Жаңы камбаркан», «Арман» (Ж. Кайыповго арналган) аттуу комуз күүлөрүн чыгарган. «Жаштык ырдайт» (1982), «Ырлар жыйнагы» (ноталуу; 1990) аттуу китептери жарыкка чыккан. Эл агартуу отличниги (1982). Мамбетбаев көптөгөн Республикалык кароо-конкурстардын лауреаты. Медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.