Мамбетова, Насира

Мамбетова Насира (1948-ж. т., Жети-Өгүз району, Тамга айлы) — артист, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992; эмгек сиңирген артист, 1978).

Өмүр жолу жана чыгармачылыгыОңдоо

1972-ж. А. В. Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр өнөрү институтун бүткөн.
1972-жылдан Ош кыргыз драма театрында иштейт.
1993-жылдан тартып ушул убакка чейин Н.Мамбетова Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаш балдар театрында эмгектенет.
Н.Мамбетова улуттук, дүйнөлүк, орус драматургдарынын спектаклдеринде бир катар каармандардын образын түзүп, алардын кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн чебер ачып көрсөтүп бере алган актриса.

Театрда ойногон негизги ролдоруОңдоо

Айганыш (К.Жантөшев. "Курманбек")
Ак бала (М. Ауэзов. «Каракөз»)
Жаңыл Мырза (А. Куттубаев, К. Маликов. «Жаңыл Мырза»)
Кадича, Сейде (Ч. Айтматов. «Кызыл жоолук жалжалым», «Бетме-бет»)
Багдагүл (Т.Абдумомунов. «Ашырбай»)
Мадина (М. Карим. «Жөө Махмуд»)
Аял (М. Байжиев. «Акыркы рейс»)
Гертруда (У. Шекспир. «Отелло»)
Комиссар (В. Вишневский. «Оптимистик трагедия»)
Актриса (М. Гапаров. «Туздуу чөл»)
Бешмет (Ж. Садыков. «Ак Мөөр»)
Бакен (Кыдыкеева, Бакен) (Ж.Кулмамбетов, "Талант жана тагдыр")
Сүйүн (Ж.Кулмамбетов, "Аксыдагы атуу же Боспиектеги карантүн")

Кинодогу ролдоруОңдоо

Бекей («Ак кеме»)
Кадича («Мен Тянь-Шань»)
Курманжан ("Курманжан-датка") жана баш.
«Нооруз-91» театр фестивалдын жеңүчүүсү.
Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.