Мамлекеттик бааракы – социалдык камсыздоонун мамлекеттик фондунан жарандарга төлөнүүчү бааракы. КРда камсыздандырылган жарандар, республика аймагында жашаган, ошондой эле мыйзамдарда каралган шартта жана негизде мамлекеттик бааракы боюнча социалдык фондуга төгүмдөрдү төлөп турган чет өлкө жарандары менен жарандыгы жок жактар бааракы алууга акылуу. Жалпы эмгек жылдарына кире турган эмгектик ж. б. коомго пайдалуу ишмердүүлүгүнө байланыштуу М. б. чектелет: карылыгына, майыптыгына, багуучу адамын жоготкондугуна, иштеген жылдарына, эмгектик ж. б. коомго пайдалуу ишмердүүлүгүнө байланышкан шарттар боюнча же кандайдыр бир себептерден улам бааракы алууга укугу жок жарандарга социалдык бааракы төлөнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү