Мамлекеттик тил жана маданият институту

МТМИ .ф.и.к. манастаануучу.С.Дюшембиев С.Каралаевдин вариантында символдордун берилиши

        Кыргыз элинин руханий маданиятынын эталону болгон “Манас” эпосун дүйнөлүк маданий казынанын кайсы гана эпикалык баалуулугуна салыштырбайлы көлөмү, сюжеттери, идеялары, образдар системасы, көтөргөн проблемалары жагынан алардан жогору туруп, окумуштуулардын тынымсыз изилдөө обьектисине айланып келүүдө. Мындай обьектилердин бири катары бирин-экин айрым окумуштуулардын үстүрт болсо да кайрылууларына ээ болуп келе жаткан кандык символдор маселесин келтирсек болот.

Эпосто кандыкка мүнөздө туу, асаба, байрак, желек сыяктуу бир катар символдор жөнүндө маалыматтар арбын жолугат, биздин максат алардын качан, кандай шарттарда эмне максатка ылайык милдет аткарып, колдонуулары тууралуу факты-материалдардын негизинде болушунча системалаштырып, тарыхый реалиялар менен эгер жолукса параллелдүүлүгүн аныктап, илимий жактан терең илик жүргүзүү менен тиешелүү жыйынтыктарды чыгаруу болуп эсептелинет. Эгерде, биз байыркы тарыхый булактарга кайрыла турган болсок, анда Батыштын көрүнүктүү саякатчысы Плано Карпининин чыгыш-түрк урууларына жүргүзгөн саякатында төмөндөгү фактыларга учурап, минтип жазганына күбө болобуз: “Отдельные люди образованные из нескольких людей группы живут только для войны, семейные связи уступают первенство военному братству. У них нет укрепленных городов, составляются воинственные, вечно-кочующие дружины; несколько таких дружин, случайно собравшихся около какого-нибудь прославившегося знамени, кладут основание временному государственному образованию. У этих людей нет ни семейств, ни оседлости, но у них есть вождь и знамия”.1 Демек, көчмөн кыргыз уруулары үчүн да туу, байрактар негизги атрибуттардан болуп 1.На стыке континентов и цивилизаций. М., Инсан, 1996.

эсептелинип, алардын келечекте кандык, мамлекет түзүүдө негизги ролдорду ойногон деп жыйынтык чыгарсак жаңылышпайбыз, себеби мунун дагы бир ачык далили катары Тан династиясынын (618-907-ж.) учурунда кытайлар кыргыздардын жашоо-шарты, тиричилиги, каада-салты, мамлекеттик түзүлүшү жөнүндө байкоолорун летопистеринде камтышып, алардын согуш учурунда тууларды колдонолоорун жазышканын эске алсак болот. Бул маалыматты В.Кюнер “В Тайпиньхуаньюйцзи говорится, что кыргызы имеют ещо знамена и флаги. Их Ажо установил штандарт, низ его весь красный»,1 – деп трактовкалап берет. Демек мындан кылымдарды кучагына камтыган “Манас” эпосундагы кандык символдорго кирген туу, асаба, байрак, желектердин чагылдырылышында тарыхый негиз бар экендигине толук ынана алабыз. Жалпы жонунан эпосто жогорудагы символдор тууралуу маалыматтар арбын жана айрым учурларда урууларга таандык алардын өңдөрү (варианттарга байланыштуу) алмаштырылып айтыла берет, бирок ошого карабастан аткарган милдеттери бирдейлигинен жазбайт, бул келечекте соболубуздун оң жагдайына чечилүүсүнө өбөлгө түзүп бермекчи. “Ак асаба кызыл туу”, “Көк асаба кызыл туу”, “Ай касаба кара туу”, “Боз ала желек кызыл туу”, “Кызыл байрак туу” ж.б. ушундай катмарлуу айрым учурларда аралаш берилген символдор ар кандай даражада туруп жана түстөрүнүн бирдей берилбегендигинин себеби, биздин оюбузча, эпостун бир канча тарыхый катмарлардан туруп, көп убакытта калыптангандыгына байланыштуу болушу керек. Азыркы мезгилде асаба, туу, желек (байракты эске албаганда) тилибизде дээрлик бирдей семантикалык мааниге ээ болуп, эл арасында окшош түшүнүктө колдонулуп келе жатат. Бирок тарых булактары менен эпоско кайрылып көрсөк, булардын ар биринин өз алдынча аткарган функциялары бар экенин жеңил эле аныктого болот. Маселен, асаба символу. 1.Эсен уулу Кылыч.// Кут Билим, 1993 14-апрель, 8-б.

Бул терминдин “Манас эпосунун сөздүгүндө” арабтардын аса (таяк) (аттуу сөзү менен тектештиги белгиленип, туу тагылуучу жыгач таяк (Б.1995. 26 б.) маанисинде эпостун текстеринде жолугаары айтылат. Ал эми “Манас энциклопедиясында” асаба толугу менен араб сөзү катары берилип, эпосто, туу, байрак (Б. 1995. 100) маанисинде колдонуулары тастыкталат. Албетте, жогорудагы эки пикирди тең айгинелөөчү факт-материалдар эпосто көп эле жолугат, алардын өз жактоочулары да бар. Чындыгында иликтөөбүз “аса” араб тилинен тажик булактары аркылуу тилибизге кабыл алынганын белендейт, ошондой эле дээрлик башка түрк тилдеринде бул форманын туу, байрак маанисинде эле эмес, өзү да жолукпашы, биздин оюбузча, эпосто асабанын туу эмес “аса – сабы” маанисинде колдонулушун ырастайт. “Асабага туу байлап, Ат коюшту айгайлап” сыяктуу саптардын текстте кеңири учурашы пикирибиздин далили катары кызмат өтөмөкчү. Ал эми эпосто: Ак асаба туу болуп, Айгайлаган чуу болуп, Көк асаба туу болуп, Көк жаңырган чуу болуп, - деп (С.К.I.122) асабанын бир беткей болбой ар кандай түстө жолугушу бул эпостун бир нече тарыхый доорлорду башынан өткөрөсүнөн улам болуу керек, б.а. мындай узакка созулган мезгилдин ичинде кыргыз урууларынын өң, түскө болгон ишеним, дүйнө таанымдарынын өзгөрүп, такталып турушу алардын колдонгон буюм, символдоруна да өз изин калтыргандыгынан күмөн санатпайт. Чындыгында элдердин дүйнө таанымында түстөр ар кандай роль ойноп, түрдө түшүнүктөргө ээ болуп келген. Маселен, көк түс буддистерде – акылдуулукту, кельттерде – акынды, кытайларда – асман менен жазды, маяларда – душмандын жеңилөсүн билдирсе, чыгыш-түрк урууларында – асман, теңир, чексиздикти түшүндүргөн. Ал эми кызыл түс буддистерде – жашоону, христиандарда – Христин канын, кытайда – күн, бакыт, түштүктү, чыгыш-түрк элдеринде – күн, падышалык тек айрым учурларда канды билдирген. Ак түс болсо христиандарда – тазалык, жашоону, буддисттерде - өзүнө өзү ээ болуу, азаттыкты, кытайларда – батыш, күз, аза күтөнү, чыгыш-түрк элдеринде – чындык, аруулук, актыкты чагылдырып,1 жана бул түшүнүк-туюмдар, албетте, элдин эпикалык жаратууларынан өз ордун таба алган. Бул баалуулуктар түздөн түз “тууга” да тиешелө болгон. “Туу” – уруунун, элдин, кандын, мамлекеттин атайын белгиси – символу. Асабадан айырмаланып, “туу” өзүнүн баштапкы лексико-грамматикалык маанисинен ажырап, же жаңы семантикага ээ болуп, дээрлик өзгөргөн эмес. Себеби, байыркы тунгус-манчжур тилдеринде “тун”, түрк-монгол тилдеринде “тук” формасында жолуккандыгынын өзү эле анын асабадай өздөштүрүлгөн төл форма экендигин айгинелеп турат. Бирок, ошого карабастан “туу” термини бардык түрк тилдерине бирдей тараган эмес. Тагыраак айтканда батыш, түштүк- батыш түрк уруулары анын ордуна “байрак” терминин колдонушкан. Эгерде тарыхый булактарга кайрыла турган болсок, кыргыздар тууну асаба, байрак, желекке салыштырмалуу алда канча мурун колдонгондугунан маалымат ала алабыз. Маселен, Йакут Хамавинин “Мамлекеттердин сөздүгү” аттуу эмгегинде кыргыздар жөнүндө кабар берилет: “Андан кийин хирхиз деп аталган урууга келдик. Алар тааруу, күрүч, койдун, уйдун, эчкинин (төөнүкүнөн башкасы) этин жешет. Алардын сыйынуу үчүн ибадатканасы жана жазуу үчүн камыш калемдери бар. Алар акылдуулуктун жана зергектиктин ээси. Чырактын өзү өчмөйүнчө өчүрүшпөйт. Бир жылда бир нече майрамдашат. Алардын туусу көк”.2 Бул маалымат онунчу кылымдын башында жашап өткөн Абу Дулаф аттуу араб акынына таандык болуп дагы айтылып жүрөт.Кандай кимге таандык болгон күндө да бизге баалуулугу ал учурда кыргыздардын колдонгон “көк туусунун”барында.Мындан сырткары бул мезгилдерге чамалаш дагы бирбулакта “В VIII веке,часть западных кыргызов проникло в Среднюю 1.Дж.Купер. Энциклопедия символов. М., Золотой век. 1995, 357-362-б. 2.Ф.Вюстенфельд. Муджам III т. 1868, 449-б. Азию и обосновалось в долине Таласа. Здесь ими был создан бийлик, во главе которого стояла династия Кара-чоров. Наследия этого владения назвалось обңим именем тюрк. Цвет знамени в этом государстве был красным. Ча-Кольском памятнике также посвеңенном знатному кыргызу говорится “Я тутук Алого знамени”,1 - деп берилет. Демек, кыргыздар тууну байыртадан эле колдонуп келишкен жана анын өңү-түсүнүн ар кандай болушу биз жогорудагы белгилеген баалуулуктарга, алардын дүйнө таанымына, ишенимине байланыштуу болгон. Албетте, мындай бай тарыхый факты материалдар өзүнүн изин элдердин эпикалык жаратууларында калтырбай койгон эмес. Эгерде эпоско кылдаттык менен көз жүгүртүп көрсөк, анда: “Ак асаба туу менен, айгайлаган чуу менен” (С.О.II.102), “Бозала желек кызыл туу, Бой бойлогон ызы-чуу” (С.К.I.71), “Күлдү кыргыз аскери, Күйгөн оттой дүркүрөп, Кызыл айчык туу аштап” (С.О. II.96) ушундай мүнөздөгү бир катар саптарды жолуктурабыз, булардын мазмунунан биз албетте, тууну өзгөчө кагылышуу, казат маалында колдонулуучу символ катары кабыл алып, аны черө, кошуундун атайы белгиси деп кароого толук негиз бар деп түшүнөбүз. Бирок бул жаңылыш үстүрт түшүнүк. Себеби тарыхтын беттерин жакшылап барактасак, жогорудагы учурда тагыраак айтканда “согуштук демократия” доору өкүм сүрүп турган мезгилде “көчмөн кыргыздардын аскердик күчүнүн негизин куралдуу эл, уруулар түзүп турушканын”2 көрөбүз, демек жогорудагы туулар кошуун, черө же анын бир бөлүгүнө таандык символ катары каралбастан, тек гана уруу, кандыктардын символунун милдети аткарып жаткандыгына ынанышыбыз керек. Мунун ачык далили катары:

                                     Тил алса Жолой келсин де,
                                     Тил  албас болсо ал Жолой

1.Эсен уулу Кылыч.// Кут Билим, 1993 14-апрель, 8-б. 2.Ч.Мамытбеков. Отражение жизни и борьбы киргизов в эпосе “Манас”. Б., Илим, 1993, 156-б.

                                     Көкөтөйдүн айчыгы алтын кызыл туу

Как үстүнөн көрсүн де-деп (С.К.II.18) текстте берилгендей туу уруунун, кандыктын өз алдынча бийлик жүргүзө мүмкүнчүлүгүнө ээлигин билдирген символунун милдетин аткарып, ал негизинен жайчылык мезгилинде да колдонулаарынан маалымат берип, турганын баамдайбыз. Ошондой эле туунун: Манастын угуп буйругун, Баары угуп дүркүрөп, Бээжинди көздөй бет алып, Кан Манастын айчыгы алтын кызыл туу, Астына алып жүрүп кетти дүркүрөп, - деп (С.К.II.80) казатта берилиши анын аскердик бөлүмдү эмес, урууну, кандыкты бөлүп көрсөтө максатында колдонулду деген жыйынтыкка келө туура болор. Ал эми алардын бир нече түскө ээ болушу бул эпостун тарыхый катмарлуулугунан жана жомокчунун (манасчы) алган маалыматын өзүнүн ишенимине, билимине жараша иштеп чыгуудан болгон, анткени Манастын туусу С.Орозбаковдо “кызыл туу”, С.Каралаевде “айчыгы алтын кызыл туу” болсо, Көкөтөйдүн туусу С.Орозбаковдо “көк туу”, С.Каралаевде “кызыл туу” болуп саналат. Ошондой эле душмандардын (кытай, калмактардын) туусу символикалык түрдө душмандыктын белгиси катары “кара туу” же болбосо “кызыл туу” болуп берилет. Бирок акыркы кара жана кызыл туунун берилишинде тарыхый негиз бардай. Чынгызханды кол алдындагы кандыктар император көтөрөөрдө: “В первый день была возникнута белое знамя западной части империи (Кипчак), второй день красная знамя восточной части (Китай),1 - деп ар кандыктын туулары орнотулганы белгилө, а түгүл Чынгызхандын жортуул мезгилинде душманды коркутуу, сүр- айбатты көрсөтө үчүн кара тууну (желек) көтөргөндүгү маалым. Ошондой эле кытай элинин түшүнүгүндө да кызыл түс – түштүктү, кара түс – түндүктү

1.Э.Хара-Даван. Чынгызхан как полководец и его наследие//На стыке континентов и цивилизаций. М., Инсан. 1996, 126-б.

туюнтат, демек кытайлыктардын түштүк провинциясы кызыл түстөгү тууну, түндүк провинциясы кара түстөгү тууну колдонушу ыктымал. Ушуга байланыштуу бул маалыматты жомокчулар көз жаздымда калтырган эмес болуу керек. Туу – уруу, кандыктын ыйык туткан символу, анын бир бөлүгү, ошондуктан ага жасалган мамиле элдин өзүнө жасалгандай түшүнүлгөн. Анын бийиктеп оболошу же кулашы калктын психологиясына түздөн-түз таасир этип, бирде духун көтөрүп дем берсе, айрым учурларда тескерисинче кайгыга чүмкөп өзгөчө казат, кагылышуу учурунда бүтүндөй черө, кошуундун бытырап тарашына түрткү болгон. Ошого байланыштуу тууну элге көрүнөө жерге бекитип, анын түбүнө турар адамды өтө кылдаттык менен тандашып, мыктыларын коюшкан. Эпосто: Кутубий болот карааның, Жумшасаң канат кумарың, Ушу турган Кутубий, Туу түбүндө турарың, - деп (С.К.I.106) Кызырдын өзү Манаска Кутубийди туу түбүндө тураар мыкты чоро катары сунушташы бул иштин канчалык деңгээлде жоопкерчиликтө экенин айгинелеп турат. Ошондой эле журт бийлеп, эл намысын коргоп, душман мизин кайтарган баатыр, эр жүрөк жигиттердин да “Бурутка бүткөн туу экен”, - деп журт сыймыктанган тууга теңеши жогорудагы пикирди дагы бир ирет тастыктайт. Туу – символ, ошондуктан салгылашуу учурунда эки тарап тең кандай болсо да, туусун жыгып, душмандын демин суутканга далалат кылышкан. Туубуз качпай турат деп, Кубат кылып урушуп, Аралашкан эки кол, Ач бөрүдөй жулушуп, - (С.О.II.140) тууну жоокерлер дем, кубат кылышып урушушса кээде туу жыгылган соң, андан ары урушууну улантуунун кажети жоктой: Туу жыгылды кан өлдү, Тутушкандын баарысы, Туш-тушка качып жөнөлдү, - деп (С.О.II.89) айтылгандай кол чачырап качып, беттешө жеңилө менен аяктай турган. Көчмөн элдин өмүрү көбүн эсе жолдо өтүп, жаңы жер, жаңы эл менен тынымсыз жолугушуу, байланышта болгондуктан, “туунун” тумушунда негизги ролдорду ойногондугу мыйзам ченемдө көрүнүш болуу керек. Көпчүлүк учурда эпосто туу менен эле катар “желек” символу да колдонулат. Башка символдордон айырмаланып, “желек” алыскы да, жакынкы да тектеш тилдерде дээрлик жолукпайт, өзгө тилдерден өздөштүрүлгөнүн да байкай алганыбыз жок, демек бул нукура кыргыз тилине таандык (уң. “жел+ек” сөз жасоочу мүчөнүн жардамы менен түзүлгөн) символдук аталыш болуу керек. Анын тууга салыштырмалуу аткаруу милдети чектелө жана эгер асаба белгиси туу болсо, желек найза белгиси катары каралат. “Кызыл найза желегим, Кыраан туткан Алмамбет, Кытайдан келген белегим” (С.К.II.86), “Найзага белги желектер” (С.О.II.322) деп желектин найзага бекитилгенине байланыштуу, ошондой эле: Сап-сап кылып чубатып, Алып жүрдү Алмамбет, Асман жерди чаңдатып, Ар топко желек карматып, - деп (С.К.II.84) эпосто берилгендей Алмамбет ар аскердик топтун белгиси катары желек карматканына караганда, ал аскердик милдет аткарган деген жыйынтыкка келөгө болот. Демек туу – уруу, кандыктын символу болсо, желек – черө, кошуундагы топтордун символу болгон. Айрым учурларда желек менен катар “байрак” символу да колдонулат. Байрактын өзүнө чейинки символдордон айырмаланып, эпосто сейрек учураганына карабастан, түрк тилдеринин ичинде колдонулуу чөйрөсү кенен. Башкача айтканда түрк, кумык, балкар, өзбек, татар, уйгур жалпысынан чыгыш-түрк урууларынын дээрлик баары туу, асаба, желектин ордуна “байракты” туу маанисинде же жеке жоокерге таандык белги маанисинде колдонушат. Бирок айрым Л.Будагов, М.А.Гафаров, Ф.Миклошич, И.А.Вулерс сыяктуу окумуштуулардын пикири боюнча бул перс тилинен ооп келген сөз.1 Демек бөтөн сөз төл сөзгө синоним катары кирип, бара-бара активдешип төл сөздү колдонуудан сүрүп чыккан. Бирок кыргыз тилине бул процесс өз таасирин тийгизе алган эмес, ошого байланыштуу асаба, туу, желек менен эле катар байрак да “Байрак булгап бакырды”, “Кара байрак желегим, Каканчындын Бээжинден, Качып келген береним” (С.К.II.86) деп эпосто бериле берет. Бирок алардан айырмаланып, тар мааниде колдонулуп, ал баатырдын өз жеке белгиси катары түшүндүрүлүп, өңү ээсинин каалоосуна ылайык ала-буладан тартып ар түстөргө чейин болгон. Жыйынтыктап айтканда, жогорудагы кандык символдор эпоско ар кайсы мезгилдерде кирген. Булардын ичинен “туу” алгачкылардан болушу керек, себеби байыркы алтай тилдеринин тобуна кирген тунгус-манчжур жана түрк-монгол элдеринин тилдеринде жолугуп, азыркы мезгилде да,түндүк-чыгыш түрк тилдеринде колдонулуп келе жатат,ал эми “асаба”кыргыз тилинен башка дээрлик түрк тилдеринде учурабайт,себеби түбү “аса”араб тилине мүнөздүү сөз,демек араб халифаттарынын Орто Азияны багындыруу учурунда тажик тилдери аркылуу өздөшүрүлүшү мүмкүн, ошондой эле “байрак” да перс тилинен батыш-түрк тилдери аркылуу тилибизге кабыл алынып, бирок эпосто “асабадай” активдеше алган эмес, акыркылардан болуп эпоско биздин оюбузча, нукура кыргыз тилине мүнөздө “желек” түшүнүгү кирген. Ал эми алардын аркалаган функциялары жана түстөрү элибиздин дүйнө таанымына, ишенимине, чогулткан бай тажрыйбасына жараша класификацияланып эпоско кирип, анда жеке эле

1.Э.В.Севортян. Этимологический словарь тюркских языков. М., Наука, 1978, 34-б.

кандык символдордун милдетин аткарып калбастан, келечегинде азыркы эгемендүү мамлекетибиздин символу катары да милдет аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.


Пайдаланылган адабияттар: 1. На стыке континентов и цивилизаций. М., Инсан, 1996. 2. Эсен уулу Кылыч.// Кут Билим, 1993 14-апрель. 3. КуперДж. Энциклопедия символов. М., Золотой век. 1995. 4.Вюстенфельд Ф. Муджам III т. 1868. 5.МамытбековЧ. Отражение жизни и борьбы киргизов в эпосе “Манас”. Б., Илим, 1993. 6.Э.Хара-Даван. Чынгызхан как полководец и его наследие//На стыке континентов и цивилизаций. М., Инсан. 1996. 7.Севортян Э.В. Этимологический словарь тюркских языков. М., Наука, 1978. 8.Каралаев С.Манас,т.I,Фрунзе,1984ж. 9.Каралаев С.Манас,т.II,Фрунзе,1986ж. 10.Орозбаков С.Манас,II,Фрунзе,1980ж.

МТМИ. доцент,Дүйшөнбиев С. «Манас» эпосундагы хандык бийлик

Кыргыз элинин дүйнөдө теңдеши жок эң улуу эпикалык жаратууларынын бири «Манас» эпосу. Анын көлөмдүүлүгү, темасынын көп пландуулугу, тарыхый өнүгүшүнүн көп этаптуулугу, сюжетинин түзүлүшүнүн татаалдыгы дүйнө элдеринин эпикалык эстеликтеринин ичинен өзгөчөлөнүү менен жеке кыргыз элинин эле эмес башка элдердин да руханий дүйнөсүнө зор таасир этип, изилдөөчүлөрдүн бир кыйла кызыгууларын туудурууда. Ошондуктан эпостун кайсы гана проблемасын алып карабайлы, актуалдуулукка ээ болуп, улам жаңы идеяларга сугарылып отурасың. Мисалы, эпостогу кандык бийлик проблемасы. Бул маселени азыркы мезгилде толук канагаттандыраарлык деңгээлде чечилди деп жыйынтык чыгаруу али эрте. Ошол себептүү, проблеманы ийгиликтүү чечүү аракетинде, өткөн жалпы мүнөздөгү айрым изилдөөлөрду эске алуу менен, азыркы мезгилдин талабына ылайык объективдүү анализ берүү зарылчылыгы туулуп олтурат. Орустун көрүнүктүү фольклористи В.Я.Пропп «кан» деген титул монголдордо уруу түзүлүшү кулай баштаганда пайда болгондугун айтып, жаңы коомдук баскычка карата прогрессивдүү роль ойногондугу менен кандар эпосто башкы каармандар катары сүрөттөлө тургандыгын аныктаган». Байыркы тарыхый булактарга кайрылып көрсөк анда кыргыздардын башында бийлик ээлеринин милдетин бек, бий, ажо, төрө, баатыр, кан деген мансаптагы адамдар аткарарын байкайбыз. Ал эми «Верховный правитель в зависимости от внешнеполитических успехов получал титул кагана. Делами управляли три министра. Вся территория делилась на округи (баги), где властвовали крупные феодалы-беки. Судя по тому, что ажо или каган тоже имел титул бег в феодальной иерархии кыргызов верховный правитель был лишь «первым среди равных»2. «Манас» эпосунда да бийдик башындагы адам «кан» аталып, ал өз эрктери менен баш кошушкан уруулардын биригишкен тобун жетектеп, анын бийлигин, жүргүзгөн саясатын уруу башчылары өз каалоолору менен таанышкан. Бирок бул кандык бийлик абсолюттук монархиялык бийликке жеткен эмес, себеби ал кан жогорудагы тарыхый булактарда белгиленгендей өз теңдүүлөрүнүн бири гана болгондуктан кээ бир учурларда анын жүргүзгөн иши, аракеттери сынга алынып, жалпы бек, төрө, кандардын талкуусуна салынып турулган. Айрым шарттарда өзгөчө сырткы факторлордун таасиринин негизинде, бул бийлик убактылуу же такыр эле өз жашоосун токтотууга аргасыз болгон. Биздин учурда буга мисал катары Ногой кандын уулу Ороздунун элин тыңгылыктуу башкара албай, жоого алдырып, төгөрөктүн төрт бурчуна тентитип ийишин келтирсек болот. «Эл башына кыйынчылык түшкөндө, эр азамат туулат демекчи» айбатынан адам эсинен танган, көктө да, жерде да ага теңи жок алп Манастын дал ушундай шартта төрөлүшү эл тагдырындагы ыйык, символикалуу кубулуш. Мунун ачык үлгүсү катары: Асмандагы канаттуу Айбатынан уча албай, Жерде жүргөн аяктуу Желип чыга кача албай, 3 – деп Жакып байдын түш көрүүсүн, а түгүл душмандарынын: Ач арстан түрлөнгөн Атактуу Манас кан чыгат, Ошонун каарынан жан чыгат, Ал бурутта туулат. Манас атка мингенде Сенин тыргоотуң тыйпыл кырылат, 4 – деп сыйкырчынын Эсенканга Манас жөнүндө жоруп бергенин келтирсек болот. Чындыгында эле Манас жаштайынан чыйрак чыгып, элинин камын ойлоп, катылгандын катыгын берип, бир далай жоонун мизин кайтарып, тегерегине өз теңдүүлөрүн топтойт. Алар келечегинде Манастын эң кенжеси экендигине карабастан, анын эрдигине, кайратына, эркине, амалына, айкөлдүгүнө баа беришип, ага сый, урмат, ишенич менен мамиле жасашып: Качкан менен болбостон Кабылан Манас баланы Камалап кармап алганы Коюңар десе болбостон Алып келип Манасты Ак тердикке салганы Каныбыз деп дүркүрөп, - Манас баланы хан шайлап алышат. Анын шайланаары менен: Марал-Кечүү барабыз, Батыра чалгын чалабыз. Жолдоштун баарын бардаймын Жолду барып чардаймын, 5 – деп чоролорду күтө билип, чалгынга жөнөшү өзүнүн кан жүгүн көтөрүүгө даяр болуп калгандыгынан кабар берет. Демек, эл да канды күтүп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калган. Кан негизи зарылчылыктан келип чыгат. Тагыраак айтканда, урук, уруулар жеке кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн башка өз теңдүүлөрү менен баш кошууга аргасыз болушуп, алар шарттуу лидерге баш ийишип, натыйжада жеке кызыкчылык жалпы мүнөзгө айланып, ал кандык аркылуу жүзөгө аша турган. Бирок бардык эле уруулардын кызыкчылыктары бирдей – стабилдүүлүк жана коопсуздук болгон. Эпосто кандын шайланыш максаты да ушундай: Тегерегиң баары жоо, Тепсесе душман жан койбойт. Калкалайм десең жаныңды Көтөрүңөр каныңды. Хан көтөрбөй болбос деп, Каптаса душман койбос деп Кандуу журт болуп калалык Калаба кылса каапырлар Кайрат кылган бололук, 6 – дешип уруу башчыларынын бир чечимге келиши, кандык бийликтин уруулардын келечекке ишеничтүү кадам таштоосуна, андан ары эркин өнүгүп-өсүүсүнө өбөлгө түзүп тураарынан маалымдайт. Ошого байланыштуу алар кан шайлашып, өз ыктыярлары менен жалпы бир тартипке көнүп, жеке кызыкчылыктан жалпыга өтүп, эркин, каалагандай чечимден баш тартышып, жоопкерчиликти, милдетти, чектүү эркиндикти таанышууда. Кан шайлоого кыпчак, кыргыз, ногой, нойгут, өзбек, үйшүн, найман, манжурия ж.б. бир кыйла уруулар катышышат. Бул ошол учурдагы коопсуздук проблемасынын масштабдуулугун жана аны камсыз кыла турган кандык бийликтин болушу канчалык денгээлде зарыл экендигин айгинелеп, мезгилдин талабы боюнча иштин ийгилиги үчүн ар кайсы уруулар баш кошууга аргасыз экенин көрсөтүп турат. Чындыгында кандыкка биригип жашоо бул жаңы коомдук түзүлүш, жаңы баскыч, стабилдүү өнугүүнүн гаранты, уруулардын ички жана сырткы саясатын жүзөгө ашыруунун жолу болгон. Ошондуктан кан шайлоо өтө катуу тартипте, тагыраак айтканда, ар бир уруунун кызыкчылыгын эске алуу менен, алардын өкүлдөрүнүн болушу шарт болуп, бийлик ээси болууга ар биринин укугу сакталган. Мындай кубулуш өзгөчө «согуштук демократия» түзүлүшүндө жашаган көчмөн элдерде көбүрөөк байкалат. Бирок жогорудагы айтылган укуктан сырткары бийлик ээси – канга элдин жүгү, ой-санаасы, түйшүгү артылып, бир кыйла иштер милдеттендирилген, ошого байланыштуу көпчүлүк уруу башчылары кандык бийликке көз артышканы менен анын милдет, жүгүнөн чочулашып, ага көп даай алышкан эмес. Эпосто бул процесстерди биз төмөндөгү саптардан даана, ачык көрө алабыз: Кандыкка бириң чыгыңар! Беттешкен жоого белдүүңөр, Өткүр чечен тилдүүңөр, Өкмөт жөнүн билчүүңөр! – деп кандык бийлик сунуш кылынганда Хан боломун калкка деп Кандай да болсо чыдаймын Калк башкарган наркка деп Айтар адам жок болуп!7 – хан түйшүгүн көтөрүүдөн көпчүлүк чочуркайт. Себеби чачылганды чогултуп, токтогонду улантып, бөксөргөндү толуктап, жоо тийсе ага тайманбастан намыс үчүн бет алып, элди эркин, жыргал турмушка жеткирүү ар адамдын колунан келе берчү иш эмес. Кан боло турган адамдын ары акылдуу, амалдуу, ары күчтүү, экртүү, намыскөй, келечекти көрө билген, элдин наркына чыдай алган, жоого айбаттуу, Ата Мекенин барктай билген, жеке кызыкчылыгынан жалпы элдин кызыкчылыгын жогору кое турган, ошол эле учурда кан каадасын күтө билип, айрымдарын туура эмес иши үчүн жазалай билиши да шарт эле. Бул касиеттерди Акбалта бала Манастын кылык-жоруктарынан байкап: Үзүлгөнүн улачу, Чачылганын жыйначу, Өчкөн отун тамызат. Аман болсо бул бала Өлгөн жаның тиргизет Кайнаган манжу капырдан Сурагын сурап хан болот, 8 – деп эл башын кошуп бийлеп, катылгандын катыгын берип, душманына да үстөмдүк кылып кан бийлигин жүргүзөөрүн алдын ала айтат. Ошол себептүү жогорудагы касиеттерге жаштайынан ээ болгон Манаска кандык бийликтин токтошу мыйзам ченемдүү көрүнүш болушу керек. Бирок бул титулга талапкер көтөрүлүп дайындалбастан шайлоо жолу менен келип жаткандыктан анын кандидатурасына макул эместер талкууга катышуу укугун пайдаланып, өз ой-пикир, сунуштарын айтууга толук мүмкүнчүлүктөрү болгон. Акбалта Манастын аты кандык титулга көрсөтүлгөндө: Өкүнүчтүү болсоң өзүңөр, Көрүп турат көзүңөр, Кан кылбайбыз дегениң,

                      Ушу жерде чыксын сөзүңөр, 9 – деп элдин ой-пикирин айтуусуна жар салат. Биз жогоруда белгилегендей коом «согуштук демократия» түзүлүшүндө болуп, шайлоо тең укуктуулук принцибинде өткөндүктөн, кийин Ажыбай атка конгон Абдылда чечен макул эместигин билдирет. Бирок ошого карабастан буга дейре эле:

Төрө кылып, хан кылып, Касиетүү жан кылып Каркыттап күтүп алалы Калк ичине барганда Ханыбыз деп калалы, 10 – деген Айнакун баш болгон жаштар, биздин ханыбыз деп Манасты кан шайлоосун өтүнүшөт. Көпчүлүк алардын оюн туура таап Манастын кан болуусуна маакул болушат. Эпосто бул титулга Манастан сырткары атасы Жакып да сунушталат. Бирок атасы Жакыптан айырмаланып Манас шайланат, ал эми атасы аны менен кошо ак кийизге отругузулуп кан көтөрүлөт. Жакып: Карыганда кан кылып, Калабага салбаңар, Каралдым турса кашымда Карып калган жашымда Убалыма калбаңар, 11 – деген ой менен жети кадам өткөндөн кийин ак кийизден түшүп, ордун уулуна берет. Жакыптын кан көтөрүлүш себеби, биздин оюбузча, Манасты абсолюттук бийликке жеткирүү эле, эми ал эл тарабынан шайланган кан эле болбостон, ал толук кандуу кан тукуму, Жакып кандын мураскору катары да каралат. Демек, атасы Жакыптын кан көтөрүлүшү зарылчылык болуп, Манастын келечекте кандык бийлик жүргүзүүсүнө прогрессивдүү таасирин тийгизген деп айтсак жаңылышпайбыз. Арийне мындан улам «согуштук демократия» түзүлүшүндө жашаган бул уруулар шайлоо учурунда толугу менен демократиялык принциптерди колдоп пайдаланышкан деген ойдон алыспыз. Себеби феодалдык түзүлүш бара-бара өз жүгүн өз мойнуна ала баштаган. Кан өмүрүндө бир гана жолу жана жашосунун акырына чейин шайланган. Манасты кан шайлагандар, тагыраак айтканда, урук, уруу башчылары кандыктын составына өтүүдө тиешелүү жоопкерчиликтерди моюндарына алышып: Төрө Манас көк жалдын, Төп айткан тилин албасак, Айдаган жакка барбасак, Төшү түктүү жер урсун, Төбөсү ачык көр урсун! Ак келтенин огу урсун Ак милтенин чогу урсун!12 – дешип кандан кандай буйрук болбосун аткарууга макул экенин билдиришип ант беришет. Мындай көрүнүштү көчмөн элдин тарыхын барактоодо көбүнөн байкоого болот. Маселен, Чыңгыз-ханды аксөөктөр император-каган көтөрүүдө төмөндөгүдөй: «Если мы в ратных боях преступим твои приказы, или в спокойное время повредим делам твоим, то ты отними у нас жен и имущество и покинь нас в безлюдных пустынях», 13 – деп ант беришкен. Ант кандык бийликти чыңдоо катары колдонулган, андан баш тартуу кандан баш тартууну түшүндүрүп, ошого байланыштуу кан өкүмү эки болгон эмес. Эгерде берилген буйрук аткарылбаса: Айныгандын баарысын, Азапка минтип саламын! Уктуңарбы баарыңар, Улуу-кичүү карыңар!14 – деп, эпосто берилгендей тиешелүү жазага анын ким экенине карабастан тартылуучу. Жаза кандык ичиндеги уруулардан тартып жеке жарандардын арасында бирдей укук, милдет, тартипти сактоонун бирден бир жолу, ыкмасы болгон. Кетирилген кемчиликке же кылмышка жараша күнөөкөр мал-мүлкүнөн ажырап, же уруусу чабылып, же болбосо өлүм жазасына тартыла турган. Бирок эпостогу кандык бийлик (Манастын кандык бийлиги) биз башта белгилегендей абсолюттук бийликке жеткен эмес. Себеби Манас өз теңдүүлөрүнүн бири гана болгондуктан, айрым учурларда анын жүргүзгөн иш-чаралары сынга да алына турган. Ошентсе да, натыйжада, Манастын алпарган кандык бийлиги тентип-тараган урууларды бириктирип, алардын өсүп-өнүгүүсүнө шарт түзүп, чыңдап, көз-караштары келишпеген баатыр, кандардын башын кошуп, кандыктын ички жанан сырткы саясатын стабилдештирүүгө жетишкен. Жыйынтыктап айтканда, Манасты, биз, жеке эле айбатынан душмандын денеси чыйрыккан, тийген жоосун оңдурбаган,. эли-жери үчүн башын өлүмгө сайып койгон тайманбас баатыр катары бир жактуу эле изилдебестен, аны мыкты саясатчы, жол башчы, дипломат, мамлекеттик ишмер катары да иликтеп, ошол учурдагы кандык бийлик менен азыркы бийлик ортосундагы жалпылыктар менен айырмачылыктарын анализдөө мезгилдин талабына ылайык келечектин иши деп эсептейбиз. Пайдаланылган адабияттар

1. Пропп В.Я. Русский героический эпос. М., Наука, 1958. 52-б. 2. Кыргызы и Кыргызстан: опыт нового и исторического осмысления. –Б.: НАН КР, Илим, 1994, 66-б. 3. Орозбаков С. Манас. 1-к.-Ф., Кыргызстан, 1979. 29-б. 4. Каралаев С. Манас. 1-к.-Ф., Кыргызстан, 1984. 40-б. 5. Орозбаков С. Манас. 1-к. –Ф., Кыргызстан, 1979. 241-б. 6. Ошондо эле. 1-к. 265-б. 7. Ошондо эле. 1-к. 266-б. 8. Каралаев С. Манас. 1-к. –Ф., Кыргызстан, 1984. 76-б. 9. Орозбаков С. Манас. 1-к. –Б., 1995. 395-б. 10. Орозбаков С. Манас. 1-к. –Ф., Кыргызстан. 1979. 235-б. 11. Ошондо эле. 1-к. 271-б. 12. Каралаев С. Манас. 1-к. –Ф., Кыргызстан. 1984. 215-б. 13. Э.Хара-Даван. Чингиз-хан как полководец и его наследие// На стыке континентов и цивилизаций. – М.: Инсан, 1996. 110-б. 14. Орозбаков С. Манас. 2-к. –Ф., Кыргызстан. 1982. 28-б.

 МТМИ.  ф.и.к.С.Дюшембиев.
                            Согуштук демократия түзүлүшүнүн «Манас» эпосунда берилиши.

Кыргыз элинин эң байыркы монументалдуу «Манас» эпосу кылымдарды сүрүштүрүп, элдин тарыхый тагдыры менен бирге өмүр сүрүп, өнүгүүнүн көп багыттарын башынан өткөрдү. Анын идеялык мазмуну, сюжеттери элдин чектелүү бир мезгил учурдагы жашоо шартын, дүйнө таанымын, салт-санаасын чагылдырбастан, кучагына бир нече формацияларды: алгачкы коомдук түзүлүштөн баштап феодалоизмге чейин кучагына камтырын билебиз. Бул, албетте, эпостун узак убакытта калыптангандыгынан маалымат берип турат. Эгерде биз трилогиянын «Манас» бөлүмүнө көз жүгүртүп көрсөк, анда бул бөлүмдө алгачкы уруулук коомдун акыркы стадиясы, ошондой эле согуштук демократия доорунун өкүм сүрүп турганын байкайбыз. Чындыгында биз көтөргөн маселе – согуштук демократия урук, уруулук коомго негизделип, андан өсүп-өнүгүп жогорку коомдук түзүлүштү түзөрү белгилүү. Бул этаптын мүнөздүү белгилерин К.Маркс менен Ф.Энгельс төмөндөгүдөй түшүндүрүшкөн: уруулук коомдун институттары башкаруу органына айланып, бул бай жогорку топ өзүнө башка эл массаны да баш ийдиришип, жогорудагы башкаруу органын өнүктүрүшүп жоокер элге башчылык кылган. Бул согуштук демократия түзүлүшүнүн демократизми болгон. Ошондой эле согуштук демократиянын дагы бирден бир булагы болуп өндүрүштүк күчтүн болуп көрбөгөндөй өсүшү т.а. темир кендерин өндүрүү эсептелген. Эгерде биз эпоско анализ жүргүзүп көрсөк, анда негизинен баштан аяк кичи жана ири уруш, кагылышуулар сүрөттөлөт. Демек ошол учурда темир өндүрүү жана курал жарактарды чыгаруу арткы пландагы иштерден болгон эмес. Муну эпос эле эмес тарыхый булактардагы кыргыздардын темирди иштетүү, ширетүү жагынан мыкты элдерден экендигин билдирген маалыматтардан да байкасак болот. Жогорудагы түзүлүшкө Ф.Энгельс «эпоха железного меча, а вместе с тем железного плуга и топора» деп баа бергендей биздин ата-бабаларыбыз бул доорду баатырдык менен башынан өткөрө алышты жана андагы болуп өткөн процесстер дээрлик толугу менен элдин оозеки чыгармаларында чагылдырылып калынды. «Манас» эпосунда бул доор, андагы окуялар көркөм каражаттар менен кеңири сүрөттөлүп, ар бир деталадры ийне жибине чейин кылдат териштирилип берилген. Биз жогоруда белгилеп кеткендей, согуштук демократия бул өндүрүштүк күчтүн – темир иштетүүнун күчөшү жана аны тиешелүү багытта (согушта) колдонуу менен түшүндүрүлүп, жалпы элдин жоокерге айланып, биригип мамлекет түзүшү аркылуу далилдениши, эпосто уруулардын мезгилдин талабына ылайык баш кошушу, бирдиктүү бийликти жаратып ага баш ийиши, жалпы элдин бир максатты көздөп жапа тырмак ага жетүү аракеттери менен айгинеленет. Ошол мезгилдеги биздин ата-бабаларыбыздын жашоо шарты, абалы жаңы жер, жайыт, үлүш үчүн тынымсыз күрөшүүнү талап эткен. Бул келечегинде элди «жоокер элге» айландырып, алардын башка өз тендүүлөрү менен баш кошушуна жана бара-бара аларга үстөмдүк кылышына түрткү берип согуштук демократиянын принциптеринин негизинде жашагандыгынан кабар берип турат. Окумуштуу З.Ч. Мамытбековдун пикири боюнча: «военная сила киргизских кочевников представляло собой вооруженное ополчение народа, организованное по родо-племенным признакам» . Мында бардык уруулар бир ополчениени түзүшкөнү менен бирдей даражада болушкан эмес, кимде-кимдин уруусу көбүрөөк куралдуу күчкө ээ болсо ошол доминант катары эсептелинген да өзүнүн көз карашын башка урууларга таңуулай алган, бирок айрым шарттарда өзгөлөрдүн кызыкчылыгы эске алынып турулган. Эпосто негизинен ногой, нойгут, катаган күчтүү уруулар катары берилип, көпчүлүк окуялар алардын тегерегинде өтүп, башка уруулар экинчи планда милдет аткарышы белгилүү. Бул негизинен уруу башчыларынын активдүүлүгүнө байланыштуу болушу керек. Бирок уруулардын согуштук уюму дайыма өкүм сүргөн эмес, алар өзгөчө шарт пайда болгондо, согуш же жүруш учурунда гана түзүлүп, башка мезгилдерде өз жерлеринде эле кадимки турмушун улантышкан. «Манас» эпосунун Көкөтөйдүн ашында көпчүлүк уруу башчылары кан Манастын кылган иштерине нааразы болуп, ичинде кеги менен кайтышат. Натыйжада жети кан урууларынын башын кошуп кол курап, көптөн барып:

Кырк жигитин кыйратып, Кыз катынын ыйлатып, Кысырагын туйлатып, Бошогонун чыйратып, Босогосун кыйратып, - Манастын кан экенине карабай чаап алууну көздөшөт. Кырк чоро, туруктуу черүү (регулярное войско) Манастын карамагында экенине карабастан, ал Ататктуу жери Ногой деп, Кайдан бул иш оной деп, Кабылан Манас баатырың Калкы үчун кайгы жеп, Кадыр алдам колдо деп, - чыканак жерге салып чырым уйку албай кандардын бул жоругуна абдан ойлонуп туйшүк тартат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеби алар жашаган түзүлүштөгү коом жоокерчилик менен жашап, ал туруктуу черүүдөн эч кем калбаган эрдиктерди көрсөтүүгө даяр эле. Буну согуштук демократия түзүлүшүндөгү уруулар уюмунун арасында бири доминант болгону менен башка уруу кызыкчылыктарын да эске алуу керек экендигинин ачык далили катары түшүнүүгө болот. Демек ал коомдо абсолюттук монархиялык бийлик канда да, анын уруусунда да болгон эмес. Бирок ошондой болсо да доминант уруу кай бир деңгээлде башка уруулардан жогору болуп үстөмдүк кыла турган. Албетте, бул процесс диктатурага чейин өрчүп жеткен эмес, себеби «при родоплеменном комплектовании в киргизское войско включалось народное ополчение, состоящее обычно из членов одного племени которое вливалось в войско конфедерации племен, что создавало в частях войск прочную внутреннюю спайку: военначальники были из среды своего же рода и племени: воины одной и той же единицы являлись не случайным сборищем незнакомых людей, а группой людей связанных друг с другом родством, знакомством, общностью языка и обычаев». Ошондуктан кан Манас да черүүсүн баштап кандарга каршы аттанып чыкпастан уруулардын туугандык жайын, тегип урматтап, сый менен тозуп алат. Бирок урук, уруу башчыларына доминант урууну, кан бийлигин сыйлоо, ага таазим этүү парз, милдет экендигин эстерине салып турганын, Тим жүр десем болбойсуң, Ар кагандан бир каган Тийишкенин койбосуң. Кандай акыл ойлойсуң Кай түрлүү оюн ойнойсуң? Каар кылсам кандарым Капилет өлүп сойлойсуң, - деп кан Манас кандарга ачуусунун келип, ордуларын билүүсүн эскерткенин ачык көрө алабыз. Согуштук демократия түзүлүшүндөгү көчмөн эл биз жогоруда белгилегендей тынымсыз күрөшүүнүн, кагылышуулардын, куралдуу жүрүштөрдүн үстүндө болгон. Ошол себептүү куралдуу күчкө, согуштук организацияга чоң көңүл бурулган. Эпосто аскердик турмуш, аны уюштуруу, куралдуу жүрүштөр өтө кылдат көркөм чеберчилик менен чагылдырылган. Себеби чыгармадагы негизги идеялары, каармандардын образын ачып берүүдө дал ушул жогорудагы шарттар негизги ролду ойноп, кыргыз элинин байыркы жашоо шартын тарыхый жактан таанууга өбөлгө түзүп берип турат. Бирок эпос тарыхый эмгек эмес эпикалык чыгарма болгондуктан ага мүнөздүү белгилерди маселен гипербола сыяктуу кубулуштарды эске алуубуз абзел. Демек кыргыз элинин башынан өткөргөн тарыхый чындыгы элдин фантазиясына, дүйнө таанымына ылайык мүмкүн болушунча көркөм чагылдырылып берилген, жана түздөн түз тарыхый факт катары кароо туура эмес болор. Ошондой болсо да эпостон биз ата бабаларыбыз куралдуу күчтөргө кандай маани берип келгендигинен кенен маалымат ала алабыз. Жоокер элдин качан, кандай гана шарт болбосун ар дайым ички жана сырткы душмандардын кол салууларына даяр болуусу шарт болгон, буга жетишүү үчүн ич ара же уруулар арасында ат чабыш, эр эңиш, жамбы атыш, күрөш, эр сайыш сыяктуу жоокердик өнөрдү чыңдай турган оюн-зооктор өткөрүлүп турулган. Бул оюн-зооктор жеке эле көңүл ачуу же жоокердик күч кубатты чыңоо эле эмес, уруулардын саясий-социалдык статусун бекитүү да болуп эсептелинген. Ошол себептүү ар бир оюнга урук, уруулар өтө жоопкерчилик менен мамиле кылышкан. Муну биз Көкөтөйдүн ашынан күрөш оюнунун учуру келгенде кытай, калмактардын дан жыттанган алп Жолойуна намысты колго алып берер кыргыздан Манас баш болуп бир да баатыр даап чыга албай турган учурда жашы сексенден ашса да жөө күрөштүн жайын билген балбан эр Кошойдун чыгып, күн-түн дебей кармашып жаңишшке ээ болуп, элинин душман арасында позициясын бекиткенинен байкайбыз. Мындай оюн-зооктордо доминант уруулардын женишке ээ болушу зарылчылык эле эмес милдет түрүндө да болгон, себеби жеңилүү, намысты алдыруу келечекте уруунун чабылышына, талап-тонолуп көз каранды болушуна же такыр тукум курут болгонго чейин алып келген. Албетте бул процесс согуштук демократия түзүлүшүндө жашаган көчмөн жоокер элге мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. Көчмөн кыргыздардын куралдуу күчтөрүнүн негизин кайра кыргыз урууларынын өзү эле түзгөн, ошол себептүү кайсы уруу басымдуурак болсо, ал башка урууларга өз көз карашын таңуулап, бийлик жүргүзүүдө көбүрөөк добушка ээ боло алган. Эпосто ушунун ачык далили катары: Калдайдын уулу капырга- Кан Коңурбай баатырга, Казат кылсак канитет, Калк жыйылып топ келдиң Мазаат кылсак канитет? Кыргызга кызык чоң жумуш, Кайнап жаткан кытайга Барып калсак канитет, - деп кан Манастын чаап алалы деген үмүт менен келген кандардын оюн таш каптырып, өзүнүн көптөн бери энсеп келген кытай, калмактарга каршы казатын жүзөгө ашыруунун идеалдуу шартын көрүп, келген колду максатына ылайык колдоно билгендигин келтирсек болот. Бул, албетте доминант уруудан эле эмес анын башында турган кан, бектердин чечкиндүүлүгүнө, эркине да көз каранды болгон. Бирок жогорудагы доминант урулар, анын башында турган кан анын жалпы эл тарабынан шайлангандыгына карабастан согуш же жүрүш мезгилинде өздөрүнүн айрым укуктарынан ажыратылган. Себеби казат жолдун чоо-жайын биле турган өзүнчө жол башчы да шайланган. Ага толугу менен жолдун сырын б.а. жолдун картасын, географиялык шартын, рельефин мыкты билгендерден коюлган. Алмамбетке жол берди, Жол бергенин кол көрдү, Кан Бакайга кол берди, Кол бергенин эл көрдү, - деген эпостогу үзүндү жогорудагы айтылган пикирди кубаттап турат. Өзүнун көрөгөчтүгү, акылмандуулугу менен далай жоонун мизин кайтарып, элинин ак жолтой кадырман ак сакалына айланып калган Бакайга кол-кандыгынын токтошу мыйзам ченемдүү кубулуш, себеби да ал тектүү жердин тукуму, түбү тектеш доминант уруунун каны. Ал эми кайнаса каны кошулбаган, душманынын өкүлү – Алмамбетке кыргыз элинин тагдырын чече турган орундун ыйгарылышы бул ошол коом түзүлүшүндөгү демократиялык принциптердин колдонулушунда, ошондой эле кай бир деңгээлде бийлик структураларынын ишинин ийкемдүулүгүндө болуш керек. Мындай көрүнүштөр тарыхый булактарда да өз изин калтырган. Улуу талаанын император-каганы Чыңгызхан да «при назначении на высшие должности по войску и по администрации никогда не руководствовался происхождением, а принимал во внимание техническую годность данного лица и степень его соответствия известным нравственным требованиям, признававшимися им обязательными для всех своих поданных, начиная от вельможи и кончая простым воином». Демек согуштук демократия түзүлүшүндө жашаган көчмөн эл ар дайым эле жетекчи, жоокерлерди тандоодо анын ата тек, тууган уругуна эле карабастан алардын жеке мүмкүнчүлүгүнө, потенциалына да терең көңүл бурушкан. Эпосто Бээжинди каратуу жөнүндө чечим кабыл алынып, кол куралганы менен ага жол көрсөтүп кол баштап барар адам жок болуп турган мезгилде: Айтып турган жериңде, Ант урган кытай элинде Жүргөн чороң мен бармын, Жаба журтун жадатып Сүргөн чороң мен бармын, - деп Алмамбеттин чоролордон суурулуп чыгып «кыжылдаган кытайдын кыйла жолун билем» деп жол милдетин мойнуна алууга даярдыгынан кабар берип, ага журт ичиндеги айынга кулак түрбөстөн бийлик ээлеринин жол бийлигин ыйгарышын жогорудагы ойдун далили катары түшүнүүгө болот. Чыгармада согуштук демократиялык принциптер эволюциялык мүнөзгө ээ болуп жүрүп отурат. Эгерде биз жогоруда көрсөткөндөй башында Алмамбеттин жээк тагатына карабастан анын билимин баалап жол бийлигин ыйгарышса кийин казат жолунда ага бүтүндөй колду бийлетип кан көтөрүшүнө күбө болобуз. Себеби Бакай кан көтөрүлгөнү менен жашынын улгайгандыгына жана мындай чоң колду баштап көрбөгөндүгүнө байланыштуу черүүдө баш аламандык, чар жайыттык пайда болуп, ага Алмамбеттин зээни кейип: Оң жагына бир карап, Ок тийгендей ыңгырап, Сол жагына бир карап Топ тийгендей ыңгырап Аскердин бейлин жактырбай,- Манаска абдан ачуусу келип: Абыдан уккун арзымды! Аскердин ээси деп жүрсөм, Ашкере чыккан карсыңбы… Колуңдун түрү бу болсо, Коктум, кайра кетемин төрөм, - деп кол бул түрүндө кытай, калмакка жолукса бөөдө кырылып каларын билдирип, тезинен аны чыңдап, кошуунга жаңы тартиптерди киргизүүнү сунуштайт. Канча душмандын мизин кайтарып, чөгөлөтүп бийлик жүргүзбөсүн, бирок эн каардуу кытай, калмактардын сырын билбестигин кан Манас мойнуна алып: Ушу жаткан кара журт, Бириң эмес баарың ук, Жашың менен карың ук… Бакайдан кандык кетти деп, Бадышалык өкүмөт, Алмамбетке өттү деп, - колдун кан бийлигин Алмамбетке өткөрүшөт. Демек ошол таптагы коомдук түзүлүштө жогорку бийликке кандидатураны көрсөтүүдө жеке өз урук, уруудан бирөөнү тандоо принцибин карманбастан, шартка ылайык башка элдин мыкты деп табылган өкүлүн да коюуга жол берилген. Бул жогорудагы Чыңгызхандын бийликке коюу жана башкаруу ыкмалары менен эпостогу кыргыз урууларын жүргүзгөн иштеринин да принциптеринин шайкеш экендигинен кабар берип, көчмөн эл негизинен демократиялык принциптерди колдоно тургандыгын айгинелеп турат. Негизинен кыргыз урууларына согуштук-демократиялык түзүлүш прогрессивдүү гана таасирин берди жана «дуальная этнополитическая организация (структура военно-административной организации) имела прочные корни в социально-политической и этнической истории тюркоязычных племен Центральной Азии и в большинстве случаев вместе с созданием новой государственной общности с появлением новой господствующей этнополитической группировки». Жыйынтыктап айтканда согуштук демократия жана баштапкы феодализм мезгилиндеги кыргыз уруулары күнүмдүк турмушунда казат, жүрүштөрдү мыйзам ченемдүү кубулуш катары кабылдап, ал келечегинде бүтүндөй урууларды «жоокер элге» айландырып Борбордук Азияда негизи эле түрк урууларынын ичинде доминанттык ролго ээ кылып, натыйжада ата-бабаларыбыз тарыхта өзүнүн «Кыргызское великодержавие» деген наам менен, фольклористикада «Манас» эпосу аркылуу изин калтырып, урпактарына сыймык, эркиндикти тартуулай алды.

Пайдаланылган адабияттар:

1. Маркс К., Энгельс Ф. Соч. т.21, стр. 163. 2. Мамытбеков З.Ч. Отражение жизни и борьбы киргизов в эпосе «Манас». –Б., Илим, 1993, 156-б. 3. Орозбаков С. Манас. 4-к. –Ф., Кыргызстан, 1982, 15-б. 4. Ошондо эле 4-к. 59-б. 5. Мамытбеков З.Ч. Отражение жизни и борьбы киргизов в эпосе «Манас». –Б., Илим, 1993, 156-б. 6. Орозбаков С. Манас. 4-к. –Ф., Кыргызстан, 1982, 58-б. 7. Ошондо эле 4-к. 59-б. 8. Ошондо эле 4-к. 69-б. 9. Э. Хара-Даван. Чингиз-хан как полководец и его наследие // На стыке континентов и цивилизаций. –М.: Инсан, 1996. 10. Ошондо эле 4-к. 67-б. 11. Ошондо эле 4-к. 112-115-б. 12. Ошондо эле 4-к.121-б. 13. Кыргызы и Кыргызстан: опыты нового и исторического осмысления. –Б.: НАН КР, Илим, 1994. 55-б.