Матай Карача уулу (1818—98, Ат-Башы өрөөнү, Бороонду жергеси) — черик уруусунан чыккан бий.
Ал эл арасында таамай сөздүү чечендиги, кара кылды как жарган калыстыгы, акылмандыгы менен кадырлуу болгон. Ат-Башы өрөөнүндөгү сарыбагыш, моңолдор, черик элдеринин мүдөөлөрүнө ылайык калыстык менен жайлоо-кыштоолорду бөлүштүргөн. Ат-Башы, Нарын элинин атынан жогорку деңгээлдеги жыйындарга катышып, жер, жайыт боюнча талаш маселелердин оң чечилишине көп салым кошкон.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.