Манаслутопоним. Гималай тоо системасындагы өтө зор бийик тоо тобу. Непал мамлекетинин борбордук бөлүгүндө. Жер бетиндеги эң бийик тоолордун катарына кирет. Бийиктиги 8128 м. Тоонун башы, чоку бөлүгү тик, аска-зоокалуу, ага чыгуу өтө кыйын. Чокуга биринчи жолу жергиликтүү шерп Гиальцен Норгу баштаган жапан экспедициясы 1956-ж. чыккан. Тоону ыйык деп эсептеген Непал калкы ага чыгууга умтулган экспедицияларга каршылык көрсөтүп келишкен. Индия, Тибет элдеринде «Манас» «ыйык», «сыйынт» деген мааниде.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4