Томас Манн
Томас Манн (6. 6. 1875, Любек – 12. 8. 1955, Цюрих) – немец жазуучусу. 20-кылымдын сынчыл реализминин мыкты салттарын улап, Батыштын либерал интеллигенциясынын интеллектуалдык жана адеп-ахлактык изденүүлөрүн, буржуазиялык турмуштун бузулушун «Будденброктор» (1901) деген туңгуч романында кеңири чагылдырган. Биринчи дүйнөлүк согуш алдында буржуазиялык чөйрөнүн идеялык турмушу жөнүндө лирикалык маанайда жазылган «Сыйкырдуу тоо» романына (1924) Нобель сыйлыгы ыйгарылган (1929). Мындан тышкары «Иосиф жана анын бир туугандары» (1933–43) тарыхый тетралогиясын, «Веймардагы Лотта» (1939), «Доктор Фаустус» (1947) философиялык романында буржуазиялык аң-сезимдин, маданияттын кедери кеткендигин баяндайт. Т. Манндын аңгемелери, макалалары, күндөлүктөрү да бар. Ал 20-кылымдагы роман жанрынын классиги катары таанылган. Чыгармалары: Собр. соч.: В 8 т. 1–10. М., 1959–61.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7