Маратхи

индиянын негизги калкы, саны 1975 жылга карата 49.000.000

Маратхи — эл, Индиянын Махараштра штатынын негизги калкы. Бир азы коңшу штаттарда да жашайт. Саны 49 млн-дой (1975). Маратхи тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендеринин кобу — индуизмди, калганы — жайнизм, ислам, христиан динин тутат.

Маратхи
мара. मराठी लोक

Жайгашуусу:
Индия Индия
Саны:
49.000.000
75.000.000
Жайгашуун картасы:

Негизги кесиби — дыйканчылык. Индиянын башка элдерине Караган­да маратхилерде капитализм эрте өнүгүп, жумушчу табы жанa улуттук буржуазиясы калыптанган. Индия көз карандысыздыкка жетишкен соң (1947) 1960-ж. Махараштра улуттук штаты түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.