Марбург Мектеби – неокантчылыктын багыттарынын бири. Бул багыттын негизги өкүлдөрү Коген, П. Наторп, Кассирер, Р. Штаммлер болгон. Канттын окуусундагы материалисттик тенденцияны таштап алар ырааттуу субьективдүү идеализмдин позициясына өтүшкөн. Марбург мектебинин окуусуна ылайык философия дүйнө жөнүндө билим боло албайт, жекече илимдердин методологиясына жана логикасына келтирилет. Объективдүү чындыкты тануу менен Марбург мектебинин философтору таанып билүүнү сезүү мазмунунан бөлүүгө аракеттенишкен жана аны түшүнүктөрдү конструкциялоонун таза логикалык процесси катары карашкан. Бул учурда Марбург мектебинин методологиясы жекече илимдерге мажбурлап таңуулануучу мазмунсуз жалпы принциптер түрүндө болору шексиз.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8