Маргиана (грекче Margians) – Кара-Кум чөлү менен чектеш, Мургаб дарыясынын төмөнкү ойдуңун кучагына алган тарыхый аймак. Улуу Жибек жолунан орун алып, бир жагынан Индия, Кытай, Борбордук Азияга кете турган тогуз жолдун тоому, экинчиден түшүмдүү, стратегиялык жактан маанилүү болгондуктан, адамдар байыртадан бери отурукташып, гүлдөгөн шаарлар салынган. Маргиананы адегенде Александр Македонский, кийин Селевкид мамлекетинин падышасы Антиох III каратып алган. Биздин замандын 3–18-кылымында Хорасан областынын бир бөлүгү катары саналган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү