Маргинал (фр. marginal – кошумча нерсе, артык баш нерсе, чеке-белде калган жазуу) – 1) бул мурдагы социалдык байланыштардан ажырап, бирок, жашоо-тиричиликтин жаңы шарттарына көнө албай, кандайдыр бир социалдык топтордун арасында орто заар калган адам (мисалы, эмигранттар); 2) коомдун чеке-белинде калган адам (мисалы, люмпен, селсаяк, бомж); 3) маргиналдуу маданият – элет жерлеринен шаарларга карай багытталган массалык миграция шаардык маданияттын салттуу өзгөчөлүктөрүн гана «кыйратпастан», элет менен шаардын маданияттарынын ортосундагы маргиналдуу маданияттын пайда болушуна да түрткү берет; 4) маргиналдуу инсан – бул ар кыл эки элдин маданиятынын, жашоо-тиричилигинин жана каада-салттарынын ортосунда жашаган, аларга аң-сезимдүү түрдө аралашкан адам. Мындай адам берилген мүмкүн­чүлүктөрдүн болгондугуна карабастан эч качан өзүнүн өткөн тарыхы менен каада-салттарынан кол жууй албайт, ошол эле учурда ал өзү азыр татыктуу орунду ээлөөгө тырышып жаткан жаңы коомго да өз башын толук кандуу батыра албайт. Бул бири-бири менен эч качан жуурулушпаган 2 маданият менен 2 коомдун ортосундагы ара жолдо калган инсан болуп саналат. Маргиналдуу инсан калктын миграциясы сыяктуу адамды кандайдыр бир маданиятты таштоого, өзү үчүн чоочун болуп саналган маданий баалуулуктарды, социалдык ролдорду, жашоо образын өздөштүрүүгө мажбурлаган ар кыл процесстердин натыйжасы же өндүрмөсү (продуктyсy) болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү