Марковников эрежеси — алкендердин галогендүү суутектерди кошуп алып; алкилгалогениддерди пайда кылуу реакциясы. Эгерде алкендердин молекуласы симметриясыз болсо, галогендүү суутектер аларга В. В. Марковников эрежеси б-ча: суутек көбүрөөк гидрогенизацияланган (суутекке бай) көмүртектин атомуна галогендин атому азыраак гидрогенизацияланган (суутекке жарды) көмүртектин атомуна кошулат. Реакциянын мындай жүрүшүн J (индукциялык) эффектиси жана карбокатиондордун туруктуулугу менен түшүндүрүүгө болот. +J эффект б-ча алкил радикалдары өзүнөн электрондук булуттарды түртөт. Натыйжада кош байланыштагы p-электрондор деформацияланып, электрондук булуттар четки көмүртек атомдорун көздөй жылышат. Галогендүү суутектер мындай молекулалар менен реакцияга киргенде оң заряддуу суутектин иону бир аз терс заряддуу көмүртектин атомуна чабуул жасап карбонил катионун пайда кылат. Андан кийин карбокатион терс заряддуу галогендин ионун тез кошуп алат.

НС1 H++Cl-

Н

| d+  

Н-С-СН=СН2 [СН 3 ® СН ¬ CH3]+ ®

|

H Cl-

———® СН3СНСlСН3

Карбокатиондун пайда болушу алардын туруктуулугу менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү